"Манас" эл аралык аэропортунун электрондук почтасына аба майданда жарылуучу зат бар экени тууралуу маалымат түшүп, кызматкерлер жана жүргүнчүлөр тышка эвакуацияланды. Бул тууралуу маалыматты аэропорттун басма сөз кызматкери Алена Хоменко ырастады.
Укук коргоо органдары аба майдандын имаратынан жарылуучу зат тапкан жок. Кыска убакыттан соң адамдар кайрадан аэропортко киргизилди.
Аэропорттон билдиришкендей, бул аба каттамдарынын жадыбалына олуттуу зыянын тийгизген жок. Учактар өз убактысында уча берери маалымдалды.
“Манас” эл аралык аэропортунда жарылуучу зат бар экени тууралуу кабардан улам быйыл майда жана июнда да ушундай эле кырдаал түзүлүп, жүргүнчүлөр эвакуация болгон. Кийин маалыматтар ырасталган эмес.
Бишкектен 23 чакырым алыстыкта жайгашкан "Манас" эл аралык аэропорту Кыргызстанда маанилүү транспорттук мекеме болуп саналат.
Анын курамына Кыргызстандын аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө – “Манас”, “Ош”, “Ысык-Көл”, “Каракол” жана “Баткен” эл аралык, ал эми алтоо –“Жалал-Абад”, “Исфана”, “Кербен”, “Казарман”, “Нарын” жана “Талас” аймактык макамга ээ. (ErN)
Дагы караңыз
Билим берүү министрлиги мектептерде 5 баллдык баалоо системасы каларын билдирдиУКМК: Сокулук районунда суу мунарасы мамлекеттин балансына кайтарылдыТергөө абагындагы Имамидин Ташовдун иши сотко өттүЗындан көлүнөн ашкан суу Тоң суусуна бурулуп, 400 киши эвакуацияландыМилиция Лейлектин тургуну таанышын, андан соң өзүн атып алганын билдирдиЕреван: Лукашенконун сөзүнө нааразы болгондор беларус элчилигине жумуртка ыргытыштыКурскиде муниципалдык шайлоо башка мөөнөткө которулдуCPJ тажик бийлигин журналист Ахмад Иброхимди бошотууга чакырдыЧүйдө мамлекетке кайтарылган 353,3 гектар жерге ипотекалык үйлөр курулат