Зындан көлүнөн ашкан суу Тоң суусуна бурулуп, 400 киши эвакуацияланды

Зындан көлүнөн агып жаткан суу. ӨКМ тараткан видеодон алынган скриншот.

Өзгөчө кырдаал жараткан Зындан көлүнөн ашкан суу Тоң дарыясынын нугуна бурулду. Бул тууралуу Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кабарлады.

Жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо максатында Туура-Суу айылынан жана Балык завод тилкесинен 400 тургун Эшперов жана Ак-Сай айылынын мектептерине эвакуацияланды.

Туура-Суу айыл аймагында жаралган өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу жана алдын алуу иштери улантылууда. Жеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, милициянын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) өкүлдөрү иштеп жатышат.

Президенттин өкүлчүлүгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана куткаруу кызматтары калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана кырдаалдын кесепеттерин азайтуу үчүн бардык чараларды көрүп жатканын билдирди.

21-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Мамбетов айыл аймагына караштуу Туура-Суу айылында Тоң суусунун деңгээли көтөрүлүп, суу каптоо коркунучу жаралган.

Зындан көлү жырылып, суунун көлөмү көбөйгөнү ырасталган. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана ӨКМдин кызматкерлери дароо Туура-Суу айылынын жана Балык завод тилкесинин жашоочуларын коопсуз жайга эвакуациялай баштаган. (ErN)

Дагы караңыз

Милиция Лейлектин тургуну таанышын, андан соң өзүн атып алганын билдирдиЕреван: Лукашенконун сөзүнө нааразы болгондор беларус элчилигине жумуртка ыргытыштыКурскиде муниципалдык шайлоо башка мөөнөткө которулдуCPJ тажик бийлигин журналист Ахмад Иброхимди бошотууга чакырдыЧүйдө мамлекетке кайтарылган 353,3 гектар жерге ипотекалык үйлөр курулатПутиндин сапарынан кийин Азербайжан БРИКС уюмуна кирүүгө арыз тапшырдыЫсык-Көлдө Зындан көлү жырылып, тургундар эвакуациялануудаУлуттук банк Батыштын "кара тизмесиндеги" банктар менен кызматташууну токтотуу керектигин эскертти