Милиция Лейлектин тургуну таанышын, андан соң өзүн атып алганын билдирди

Кыргызстанда алынган мыйзамсыз куралдар. Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 21-августта Лейлек районунун тургуну таанышын атып, андан соң өз жанын кыйганын билдирди.

Маалыматта айтылгандай, кечээ саат 16:27 чамасында Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнө 51 жаштагы М.К. аттуу адамдын белгисиз ок атуучу куралдан каза болгондугу боюнча маалымат келип түшкөн. Маалымат ошол замат электрондук журналга катталып, ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барган.

Тергөө маалында аныкталгандай, М.К. аялы экөө Honda Jazz үлгүсүндөгү автоунаада тойдон кайтып келе жатышканда, аларды мурдатан тааныган, ортосунда келишпестиктер болуп жүргөн Ак-Булак айылынын 55 жаштагы тургуну Б.М. токтоткон. Б.М. учурашкан соң өзүнүн унаасынан ок атуучу куралды алып чыгып, М.К. аттуу жарандын көкүрөгүнө эки жолу атып, окуя болгон жерден кетип калган.

Шектүү изделе баштаган. Саат 17.50 чамаларында ал Лейлек районунун Кара-Таш жайытында өзүнүн атына катталган 12 калибрлүү сайсыз ок атуучу куралы менен өзүн атып каза тапканы белгилүү болду.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки тергөө жүргүзүлүүдө. (ErN)

Дагы караңыз

Ереван: Лукашенконун сөзүнө нааразы болгондор беларус элчилигине жумуртка ыргытыштыКурскиде муниципалдык шайлоо башка мөөнөткө которулдуCPJ тажик бийлигин журналист Ахмад Иброхимди бошотууга чакырдыЧүйдө мамлекетке кайтарылган 353,3 гектар жерге ипотекалык үйлөр курулатЫсык-Көлдө Зындан көлү жырылып, тургундар эвакуациялануудаПутиндин сапарынан кийин Азербайжан БРИКС уюмуна кирүүгө арыз тапшырды