Чүйдө мамлекетке кайтарылган 353,3 гектар жерге ипотекалык үйлөр курулат

Чүй облусунун Кемин районундагы мамлекетке кайтарылган 353,3 гектар жер. УКМК тараткан сүрөт.

Чүй облусунун Кемин районунда менчикке мыйзамсыз чыгарылып, кайра мамлекетке кайтарылган 353,3 гектар жер тилкесине Мамлекеттик ипотекалык компания ипотекалык негизде жарандарга берүү максатында турак үйлөрдү курат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, турак үйлөр 9 кабаттан болот жана ал жер Кемин шаары деп аталат. Мында болжол менен 100 миңден ашык үй-бүлөгө батирлер берилет.

Алагөзов тактагандай, президент Садыр Жапаров бул жер тилкени Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүү чечимин кабыл алды.

Компания курулуш иштерине 2025-жылдын март-апрелинде киришет. Турак жайлар жарандарга 20-25 жылдык мөөнөткө ипотекага берилет.

Мунун алдында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Чүй облусунунун Кемин районунда жеке колго өтүп кеткен 353,3 гектар өндүрүштүк жер мамлекеттин балансына алынганын билдирген.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө өнөр жай жерлерин мурдагы депутат М.Н.К. өзүнө байланышкан компаниялар аркылуу жеке менчикке мыйзамсыз чыгарып кеткени такталган. Баалоо учурунда жер тилкенин базар баасы 4 млрд 7 млн 77 миң сомду түзгөн.

Бишкектен Ысык-Көлгө бараткан жолдо, Боом капчыгайына кире бериште жайгашкан, темир контейнерлер менен коргондолгон тилке коомчулукка буга чейин эле белгилүү болчу. Ал кайсы жылы менчиктештирилгени белгисиз.

УКМКнын маалыматына ылайык, соңку үч жылдан бери ондогон мүлктөр мамлекетке жана муниципалдык менчикке кайтарылды. Анын көбү базарлар, автобекеттер жана жер тилкелери. (ErN)

Дагы караңыз

Ысык-Көлдө Зындан көлү жырылып, тургундар эвакуациялануудаПутиндин сапарынан кийин Азербайжан БРИКС уюмуна кирүүгө арыз тапшырдыУлуттук банк Батыштын "кара тизмесиндеги" банктар менен кызматташууну токтотуу керектигин эскерттиКурскиде муниципалдык шайлоо башка мөөнөткө которулдуУКМК: “Салимбай байбача” менен жолуккан кыргыз жараны кармалдыДонбасста аткылоодон эки киши өлдү. Запорожьеде балдар кафесине сокку урулдуТүркияда кырсыкта каза тапкан эки кыргызстандыктын жакындарына 5 млн сомдон кенемте берилди