Аба ырайы: аймактарда өткүн өтөт

Сары-Челек

Кыргызстанда 21-августта түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күңдүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27 жылыйт.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 30…32° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 22…24° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 19-августта күндүз 22,4°, 20-августта эртең менен 20,8° түздү.

Дагы караңыз

Зеленский Курск операциясы уланып жатканын айтып, өнөктөштөргө кайрылдыАбактагы журналист Адыл Акжол уулунун апасы бийликке кайрылды Украина Киев ушул айда бешинчи жолу ракеталык чабуулга кабылганын билдирдиУКМК: Чүйдө 31 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылдыСот Көлбаевдин жан сакчыларына 50 миң сомдон айып пул салды