Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Абактагы журналист Адыл Акжол уулунун апасы бийликке кайрылды


Сүрөт Адыл Акжол уулунун Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
Сүрөт Адыл Акжол уулунун Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын директорунун мурдагы орун басары, журналист Адыл Акжол уулунун апасы Айнура Сартмаматова мамлекет башчы Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге видео кайрылуу жасады. Ал уулуна коюлуп жаткан айыптар менен макул эместигин айтып, аны үй камагына чыгарууну өтүндү:

"Уулум эч жакка качып кетпейт. Кепилдигин өзүмө алам. Уулум тергөө абагында ден соолугу начарлап жатканын адвокаты аркылуу айтып жибериптир. Өтүнөрүм, сиздер мыйзамды карап, уулумду үй камагына чыгарып берсеңиздер".

Айнура Сартмаматованын кайрылуусу боюнча Жаза аткаруу кызматы комментарий бере элек.

33 жаштагы журналист Адыл Акжол уулу 4-августта кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 5-августтагы чечими менен 4-октябрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. УКМК ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып таккан.

Адвокаты Назик Ажымаматова анын кармалышына быйыл июлда каза болгон 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмү тууралуу макала себеп болгонун "Азаттыкка" билдирген.

Адыл Акжол уулу маркум келиндин кайын атасынан дээрлик бир сааттык маек алып өзүнүн Ютубдагы баракчасына чыгарганы талкууга түшкөн. Бир катар укук коргоочулар, журналисттер Адыл Акжол уулу тарткан видеону бир жактуу деп айыптап чыгышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG