Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:40

УКМК: Чүйдө 31 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды


Мамлекетке кайтарылган жер тилкеси. УКМК тараткан сүрөт.
Мамлекетке кайтарылган жер тилкеси. УКМК тараткан сүрөт.

Мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Чүй облусунун Жайыл районунда 31,5 га жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 2007-жылы мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдары өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, “Буудай” ачык акционердик коомунун жооптуу кызматкерлери менен ич ара сүйлөшүп, жеке баюу максатында аталган коомго тиешелүү болгон жер тилкесин төмөндөтүлгөн нарк менен менчикке чыгарышкандыгы аныкталган.

Аталган топ Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат айылынын аймагында жайгашкан 31,5 гектар жер тилкесин, аэродромдун учуу-конуу тилкесин, химикаттарды сактоочу кампаны жана "Буудай" ишканасына таандык башка курулуштарды 185 миң сомго мыйзамсыз сатышкан.

2024-жылдын 14-августунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында бул мүлктөрдүн болжолдуу базар баасы 470 млн сомду түзгөн.

Тергөөнүн жыйынтыгында аталган жер тилкеси жана башка объектилер мамлекеттин балансына кайтарылды.

Атайын кызмат мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантып жатканын кабарлоодо.

Маалыматка караганда, соңку үч жылдан бери ондогон мүлктөрдү мамлекетке жана муниципалдык менчикке кайтарылды. Анын көбү базарлар, автобекеттер жана жер тилкелери.

Башкы прокуратура буга чейин өлкөнүн ар кайсы аймактарында мыйзамсыз менчикке чыгарылып кеткен имараттар, жер тилкелери жана башка объектилер мамлекетке кайтарылганы тууралуу маалыматтарды берген. (ErN)

XS
SM
MD
LG