Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Украина Киев ушул айда бешинчи жолу ракеталык чабуулга кабылганын билдирди


Киев.
Киев.

Украинанын абадан коргонуу системалары 20-августтун таңында борбор калаа Киевге жасалган ракеталык соккунун мизин кайтарганын өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди. Ушуну менен август айынын башынан бери Киев бешинчи жолу орус аскерлеринин ракеталык чабуулуна кабылганы белгиленди.

Баштапкы маалыматтар боюнча, кыйроолор, адамдар арасында жабыркоо катталган жок.

Мекеме кабарлагандай, «Искандер К» канаттуу ракеталарынын толкун сымал чабуулунун алдында Киевге учкучсуз учактар менен сокку урулган.

Ал эми өлкөнүн батыш тарабындагы Тернополь шаарында ири өрт чыкканы кабарланууда. Жергиликтүү бийлик элди коопсуз жерде болууга чакырды, өрттүн себеби иликтенүүдө.

Соңку суткада Орусиянын чабуулдарынан Украинанын беш облусунда беш жайкын тургун каза болгону, 17 киши жараат алганы маалымдалды.

Украина 2022-жылдын февраль айынан бери Орусиянын агрессиясына каршы күрөшүн улантып келүүдө. Орус бийлиги "атайын аскердик операция" жүргүзүп жатканын айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG