Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:53

Зеленский Курск операциясы уланып жатканын айтып, өнөктөштөргө кайрылды


Украин аскери Орусиянын Курск облусунда.
Украин аскери Орусиянын Курск облусунда.

Украинанын Орусиянын Курск облусундагы операциясы уланып жатканын өлкө жетекчилиги билдирүүдө. Украин аскерлери Курскиде өз көзөмөлүнө алган калктуу пункттардын саны 92ге жеткенин 19-августта өлкө президенти Владимир Зеленский айтты.

Чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрдүн башчылары менен өткөргөн жыйында сүйлөп, ал Украина Орусиянын чек арадагы аймагынын 1250 чарчы чакырым тилкесин көзөмөлдөп турганын билдирди.

«Жалпысынан бул операциябыз Орусияда туткунда жаткан украиналыктарды бошотуу процессине салган ири инвестициябыз болуп калды. Биз бир гана операция менен өтө көп орусиялыкты туткунга түшүрө алдык. Мындай жакшы жыйынтык биздин максат болчу. Позицияларды бекемдөө, айрым райондордогу турукташуу жана айырбаштоо фондун толуктоо жүрүп жатат», – деди ал.

Ошону менен катар Зеленский Украинанын союздаштарына кайрадан кайрылып, алар берген алыскы аралыкка атуучу куралды колдонууга уруксат берүүнү суранды.

«Украинанын орус армиясынын алдыга жылуусун токтотуу мүмкүнчүлүгүн бир гана чечим кармап турат. Биз өнөктөштөрүбүздөн алыска атуу боюнча ошондой чечимди күтүп жатабыз», — деп белгиледи украин президенти.

Орусия Украинага 2022-жылы февраль айында кол салган. Ошондон бери курал-жарак жагынан ага АКШ жана Батыш өлкөлөрү жардам берүүдө. Алар согуштун эскалациясына жол бербөө үчүн деген негизде мындай куралды колдонууга чектөө койгон.

Украина Орусиянын Курск облусунун аймагына 6-августта кирип барган.

Орусия Курск жана Белгород облустарында федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жарыялаган. Бир нече жараны каза тапканын, 200 миңдей жараны эвакуация болгонун кабарлаган.

Зеленский 13-августтагы кайрылуусунда Курск облусунда жүздөгөн орусиялык аскер туткунга түшкөнүн билдирген. Москва бул тууралуу комментарий берген эмес.

Украина Орусия Курск облусунан жана ага коңшу аймактарынан украин шаар-кыштактарын тынымсыз аткылап келатканын, ошону токтотуу үчүн гана кирип барганын, жерин ээлеп алуу ниети жоктугун, бул операциясын өз элин коргоо максатында гана жүргүзүп жатканын билдирүүдө.

Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн өз алдынча тактоо мүмкүн эмес.

Зеленский Орусиянын Курск облусундагы операциянын максаты буфердик зона түзүү экенин белгилеген. (RK)

XS
SM
MD
LG