Ноокатта курулуп жаткан соода борборго 200 миң сом айып пул салынды

Ноокатта курулуп жаткан соода борборунун имараты.

Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ош региондук мамлекеттик-архитектура курулуш контролдоо башкармалыгы Ноокатта “ЭУМ” компаниясы долбоороп, куруп жаткан имаратты текшерип, ченемдик-укуктук актылардын бузуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Соода борбор Ноокат районундагы борбордук айлампанын күн батыш тарабына түшүп жатат. Пландан тышкары текшерүү маалында жазма эскертүү берилип, Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 149-беренесинин (Бөлүнүп берилген же бекитилген жер участогун өзүм билемдик менен кеңейтүү) 1-пунктуна ылайык 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мекеме мындан ары да курулуп жаткан имараттарга байланыштуу мыйзам чегинде тиешелүү иш аракеттер уланарын маалымдады.

Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев февралдагы билдирүүсүндө Кыргызстанда 224 курулуш объекти уруксатсыз курулган деп табылганын айткан. Мунун 147си ар кандай багыттагы объектилер болсо, 77си турак-жай объектиси.

Мыйзамсыз турак-жайлардын 38и Бишкек шаарында, 17си Ош шаарында, 8и Чүй облусунда, 7си Жалал-Абад облусунда, Нарын облусунда 1 болчу.

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча бардыгы болуп 1049 протокол түзүлүп, 38 млн 504 миң сом суммасында айып пул салынган, анын ичинен 21 млн. 504 миң сом өндүрүлгөн. (ErN)

Дагы караңыз

Болгарияда парламенттик шайлоо белгисиз мөөнөткө калдыПакистанда маймыл чечеги жуккан бир бейтап катталдыТоктогулда күчү 3,5 баллдык жер титирөө катталдыОрусияда кыргызстандык жаран полицияга зомбулук көрсөткөн деп шек саналуудаMBANK Орусиянын банктары менен акча которуу кызматташтыгын убактылуу токтоттуОрусия Украина ээлеген аймагында дагы бир көпүрөгө сокку урулганын тастыктады Министрлик Кыргызстанда маймыл чечегинин алдын алуу чаралары көрүлүп жатканын билдирди