Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:42

Пакистанда маймыл чечеги жуккан бир бейтап катталды


Mpox жуккан бейтап. Архивдик сүрөт.
Mpox жуккан бейтап. Архивдик сүрөт.

Пакистанда маймыл чечеги (mpox вирусу) жуккан бир бейтап катталганын 19-августта өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги расмий билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, анда вирустун Clade 2 түрү аныкталды, кооптуу түрүнө чалдыккандар жок.

«Азыркы кезде Пакистанда вирустун Clade 1 түрүн жугузуп алган бир дагы бейтап катталган жок», - деди министрликтин өкүлү Сажид Хуссейн Шах.

Маймыл чечеги Clade 1 жана Clade 2 деп эки түргө бөлүнөт. Адистердин айтымында, Clade 1 тез жайылат жана андан өлүмгө учурагандар көп болууда.

Африкада эпидемияга айланган маймыл чечеги алгачкы жолу бул өлкөдөн тыш аймакта да катталганы 16-августта белгилүү болгон. Швециянын Саламаттык сактоо министрлиги денени калтырак басып, ыйлаакча каптаган бул инфекцияга чалдыккан киши ооруну Африкага барганда жуктуруп алганын, ага Стокгольм шаарындагы ооруканада медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын маалымдаган.

Ошол эле күнү бул вирус Пакистанда да аныкталганы кабарланган, вирус табылган бейтап Перс булуңундагы өлкөлөрдүн биринен барганы айтылган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) илдетке чалдыккандар Европа аймагында “жакынкы күндөрү” каттала башташы ыктымал экенин эскерткен. Андан мурдараак аталган уюм Африкадагы mpox эпидемиясын эл аралык маанидеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган жана азыркы катталып жаткан штамм кооптуураак экенин белгилеген.

Илдеттин жайылышы 2023-жылы январда Конго Демократиялык Республикасында башталган. Ошондон бери mpox бул өлкөдө 27 000ден ашуун адамда катталды. 1100 киши каза болду, алардын көбү балдар.

2022-жылы ДСУ расизмге жана стигматизацияга каршы күрөшүү үчүн маймыл чечегинин анлисче аталышын "Monkey pox" деген сөздөн mpox деп кыскартып, расмий жарыялаган. Оору, дарыгерлердин айтымында, теридеги бүдүр, кийим, төшөнчү жана биологиялык суюктук аркылуу жугат. (RK)

XS
SM
MD
LG