Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Токтогулда күчү 3,5 баллдык жер титирөө катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

19-августта, саат 17:55те Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун билдиришинче, жер титирөө Токтогул районунун Торкен, Кара-Жыгач айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Баштапкы маалыматарга караганда, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

18-августта да таңкы саат 05:52де Бишкектен алыс эмес жерде силкинүү катталганын Сейсмология институту билдирген. Жер титирөөнүн күчү Бишкектен 30 чакырым түштүк-батыш тараптагы Кой-Таш айылы тарапта 2,5 баллды түзгөн.

1992-жылы Токтогул районунун аймагында бир нече адамдын өлүмүнө алып келген ири жер титирөө катталган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG