Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:16

Министрлик Кыргызстанда маймыл чечегинин алдын алуу чаралары көрүлүп жатканын билдирди


Маймыл чечек вирусун жуктурган адамдын денеси. Иллюстрациялык сүрөт.
Маймыл чечек вирусун жуктурган адамдын денеси. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги маймыл чечек деп аталган мрох вирусу боюнча дүйнөдөгү кырдаалга байланыштуу билдирүү таратып, өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу экенин, бирок алдын алуу чаралары көрүлүп жатканын маалымдады.

Мекеме билдиргендей, Кыргызстанда маймыл чечек жуктурган учурлар катталган жок.

“Министрлик тарабынан маймыл чечек оорусунун келип чыгышын алдын алуу максатында иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө аэропорттордо, темир жол каттамдарында жана чек ара посттордо маймыл чечек оорусу катталган өлкөлөрдөн келген жарандарга өзгөчө көңүл буруу менен санитардык-карантиндик пункттарда алдын алуу иш чаралары күчөтүлдү. Санитардык карантиндик пункттар дене табы көтөрүлгөн адамдарды өз убагында аныктоо үчүн тепловизор жана денеге тийгизбей текшерүүчү термометрлер менен жабдылган”, – деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) техникалык колдоосу менен 2022-жылы маймыл чечек вирусун аныктоо үчүн 3000 ПЧР тест-системаларын алган.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жана Ош шаардык санитардык кызмат борборунун лабораториялары эпидемиологиялык көрсөткүчтөргө ылайык, маймыл чечек оорусу боюнча абалы туруктуу эмес өлкөлөрдөн кайтып келген адамдарды текшерүүдөн өткөрүшүүдө. 2024-жылдын 19-августуна карата 500 ПЧР тест системасы бар.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги дүйнөдөгү кырдаалды эске алуу менен аталган оору катталган өлкөлөргө барууну пландап жаткан жарандарга сактык чараларын көрүүнү сунуштайт.

2022-жылы май айынан тартып дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө маймыл чечек илдетин жуктурган учурлар жапырт аныктала баштаган. Ошол жылдын июль айында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнөлүк саламаттык сактоо тармагында өзгөчө кырдаал жарыялаган.

ДССУ илдет кайра жайыла баштагандан улам 2024-жылдын 15-августунда экинчи ирет дүйнөлүк мааниде өзгөчө кырдаал жарыялады.

Быйыл жыл башынан бери Конго Демократиялык Республикасында Mpox инфекциясы 15 000дей адамда катталды, 500дөн ашык киши каза болду. Оору Борбордук Африка Республикасы, Кения, Руандада жана Африканын башка өлкөлөрүндө да катталууда.

16-августта алгачкы жолу Африкадан тыш аймакта Швецияда жана Пакистанда катталды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму илдетке чалдыккандар Европа аймагында “жакынкы күндөрү” каттала башташы ыктымал экенин эскертти.

2022-жылы ДСУ расизмге жана стигматизацияга каршы күрөшүү үчүн маймыл чечегинин анлисче аталышын "Monkey pox" деген сөздөн Mpox деп кыскартып, расмий жарыялаган. Оору, дарыгерлердин айтымында, теридеги бүдүр, кийим, төшөнчү жана биологиялык суюктук аркылуу жугат. (ErN)

XS
SM
MD
LG