Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Болгарияда парламенттик шайлоо белгисиз мөөнөткө калды


Болгария парламенти. Архивдик сүрөт.
Болгария парламенти. Архивдик сүрөт.

Болгарияда президент Румен Радев жаңы убактылуу өкмөттү бекитүү тууралуу жарлыкка кол коюудан баш тартып, быйыл 20-октябрга пландалып жаткан президенттик шайлоо белгисиз мөөнөткө калды.

Премьер-министр кызматына талапкер Горица Грынчарова-Кожарева өкмөттүн курамы боюнча сунушун жарыялаган жолугушуудан кийин Радев:

"Сиз сунуш кылган өкмөт курамы боюнча жарлыкка кол койбойм, сиздин талапкер катары милдетиңиз аткарылды деп эсептейм. 20-октябрга пландалган шайлоо кийинкиге калтырылат. Димитар Главчевдин өкмөтү жаңы техникалык өкмөт дайындалганга чейин ишин уланта берет", - деп айтты.

Радев ички иштер министри кызматына Калин Стояновдун кайра дайындоо зарылчылыгынан күмөн санап жатканын айтып, ал шайлоонун таза өткөрүлүшүн кепилдей албай турганын белгиледи жана башка талапкерди көрсөтүүнү сунуш кылды.

Грынчарова-Кожарева эксперттер, полиция башчылары жана катардагы кызматкерлер менен Стоянов тууралуу сүйлөшкөнүн, баары аны системанын туруктуулугун камсыздап турган жетекчи катары сыпатташканын айтып, башка талапкер сунуштабай турганын билдирди.

Буга чейин Болгариянын Конституциясына президенттин техникалык өкмөттү дайындоо мүмкүнчүлүгүн чектеген өзгөртүүлөр киргизилген. Тактап айтканда, премьер-министрликке талапкер Болгариянын Элдик банкынан, Эсеп палатасынын жетекчилери, парламент спикери, акыйкатчы жана анын орун басары арасынан сунуш кылынат. Мунун айынан тандоо бир топ татаалдашып, саясий кризистин жаралышына өбөлгө түзүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG