Аба ырайы: Тоолуу аймактарда өткүн өтөт

17-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Баткен аймактарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35,

Талас облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 19…24, күндүз 32…37,

Ысык-Көл дубанын түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30,

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 12 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 32…34° болот.

Дагы караңыз

Жаңы окуу жылынан тартып мектептердин тазалыгы окуучуларга жүктөлөтЫсык-Көлдө 1624 гектар жер “Кыргыз Куршевель” ишканасына пайдаланууга берилди Кендирбаева: 12 жылдык билим берүүгө даярдык быйыл башталатУкраина Орусиянын Суджа шаарын толук көзөмөлүнө алганын билдирдиНогойбаевага абактан жазылган кат боюнча үч кызматкер дисциплинардык жазага тартылды