Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Ногойбаевага абактан жазылган кат боюнча үч кызматкер дисциплинардык жазага тартылды


Асел Ногойбаева.
Асел Ногойбаева.

Азамат Эстебесов абактан уюлдук телефондон кат жазып, мурдагы жубайы Асел Ногойбаеваны коркуткан окуя боюнча Жаза аткаруу кызматына караштуу №3 абактын үч кызматкери дисциплинардык жазага тартылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Асел Ногойбаеванын адвокаты Индира Саутова билдирип, Жаза аткаруу кызматынын токтомун 16-августта алганын айтты.

“Кылмыштын курамы жок” деген негиз менен үч кызматкерге дисциплинардык эле жаза каралыптыр. Эгерде ушундай жеӊил жаза берилсе анда абакта отургандардын уюлдук телефон колдонгон маселеси жакында чечилбейт. Муну прокуратура өзү көзөмөлгө алышы керек”, – деди ал.

Индира Саутова №3 абакта жаткан Азамат Эстебесов Асел Ногойбаевага буга чейин телефон да чалганын, коркутуп кат жазганын айтып, июль айында окуя боюнча Атайын прокуратурага арыз берген.

Бирок ишти Жаза аткаруу кызматы өзү карап, ички иликтөө жүргүзгөн. Бул мекеме акыркы окуя тууралуу маалымат бере элек.

26-январда Чүй облусунун Сокулук райондук соту Асел Ногойбаевага зомбулук көрсөтүп, кулак-мурдун кескен Азамат Эстебесовду 20 жылга абакка кескен. Ошондой эле аны жабырлануучуга 2 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

2023-жылы 20-сентябрда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган 36 жаштагы Асел Ногойбаева кабылган окуя коомчулуктун үрөйүн учурган. Асел буга чейин зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу кайрылган. Кийин ага беш жолу коргоо ордери берилип, райондук сот пробация менен шектүүнү чыгарганы белгилүү болгон.

Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токтомаматов Эстебесовду быйыл “Зордуктоо” беренеси менен айыптуу деп таап, бирок пробациялык жаза чегерип койгону аныкталган. Чуулгандуу ишти караган сот кызматтан алынып, апелляциялык арызды караган үч судьяга сөгүш берилген.

23-январда Кыргызстанда зордуктоого айыпталгандарга козголгон кылмыш иши кыскарбай турган мыйзам күчүнө кирди. Мыйзамга ылайык, оор кылмыштар болгондо (анын ичинде зордуктоо фактысы боюнча) тараптардын жарашып алуусу кылмыш ишин жана тергөөнү токтото албайт.

Кыргызстанда жабык жайларда жазасын өтөп жаткандар мобилдик телефондорду колдонгону тууралуу буга чейин да бир нече жолу маселе көтөрүлгөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG