Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

Ысык-Көлдө 1624 гектар жер “Кыргыз Куршевель” ишканасына пайдаланууга берилди


Лыжа базасынын долбоору.
Лыжа базасынын долбоору.

Министрлер кабинети лыжа базасын куруу үчүн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунан 1624,26 гектар жерди Президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасына мөөнөтсүз пайдаланууга берди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2-августта кол койгон токтом мамлекеттик “Эркин-Тоо” гезитине 9-августта жарыяланды. Ал расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Токтомдо Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Хан-Теӊири айыл аймагында жайгашкан 294,6 гектар жайыт жер “Запастагы жерлер” жана 1329,66 гектар жер “Токой фондунун жерлери” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулары көрсөтүлгөн.

Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров 7-июнда Президенттин иш башкармасына караштуу “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасын түзгөн. Ал туризм чөйрөсүндөгү инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү менен алектенери айтылган.

Анын алкагында франциялык S3V (Société de Trois Vallees) компаниясы Ысык-Көл облусундагы үч - Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук тоо чокуну камтыган жалпы узундугу 200 чакырымды түзгөн лыжа трассасын курууну пландап жатат. Долбоордун наркы 165 млн евро деп бааланган.

Президент Садыр Жапаров 29-апрелде “Үч чоку” кластерин өнүктүрүү планынын бетачарына арналган жумушчу жолугушуу өткөрүп, ага франциялык S3V (Société de Trois Vallees) ишканасынын башкы директору Паскаль де Тьерсан да катышкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG