Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

Украина Орусиянын Суджа шаарын толук көзөмөлүнө алганын билдирди


Орусиянын Внезапное айылы. Орусиянын туусу жерге түшүрүлүүдө. 2024-жылдын 14-августу.
Орусиянын Внезапное айылы. Орусиянын туусу жерге түшүрүлүүдө. 2024-жылдын 14-августу.

Украин аскерлери коңшу Орусиянын Курск облусунун Суджа шаарын толук көзөмөлүнө алганын Украинанын президенти Владимир Зеленский 15-августтун кечинде жарыялап, ал жерде командалык пункт түзүлгөнүн айтты.

Пункт эмне милдет аткарары так айтылган жок, болгону, ал жерден Суджанын муктаж тургундарына гуманитардык жардам бөлүштүрүлөрү кабарланды.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун украин кызматы өлкөнүн Коопсуздук кызматындагы булактарына таянып жазгандай, 15-августка карата Курск аймагында орусиялык 102 аскер украиндердин колуна түштү.

Украинанын реинтеграция министрлигинин башчысы Ирина Верещук Курск облусундагы соңку окуялардан улам социалдык түйүндөр аркылуу 15-августта орус тилинде аймактагы тургундарга кайрылып, алар үчүн күнү-түнү иштей турган байланыш линиясы ачылганын, Украинага эвакуация болууну же гуманитардык жардам алууну каалагандар кайрылса болорун билдирди.

"Украина эл аралык гуманитардык укуктун бардык нормаларын сактайт. Биз Курск аймагынын жайкын тургундарына зарыл колдоону жана гуманитардык жардамды камсыз кылабыз", – деп жазды Верещук.

Украина жана Орусия Курск облусунда туткунга түшкөндөрдү айырбаштоо боюнча сүйлөшүү баштаганын өз булактарына таянып Financial Times 14-августта маалымдаган. Жогорку Раданын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Дмитрий Лубинец мындай демилге менен Орусия кайрылганын, орус омбудсмени Татьяна Москалькова менен сүйлөшкөнүн айтып, «Кандай жыйынтыкка келебиз, азырынча билбейбиз, бирок украин тарап айырбаштоо процесстерине дайым даяр», – деген.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский Орусиянын Курск аймагында түзүлгөн комендатура коомдук тартипти көзөмөлдөп, жергиликтүү тургундардын муктаждыктарын камсыздоо менен алектенерин 15-августта билдирген.

Ошондой эле ал Украин аскерлери Курск аймагында бир нече багытта 500 метрден тартып 1,5 чакырымга чейинки аралыкка алдыга жылганын белгилеген башкы командачы 1150 чарчы чакырым жердеги 82 калктуу пункт азыркы тапта көзөмөлдө экенин кошумчалаган. Украин аскерлеринин бул операциясы башталгандан бери Орусиянын аймагына ичкери жылуусу 35 чакырымга жеткенин айткан.

Курск облусунда 9-августта федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жарыяланган. 14-августта ушундай эле өзгөчө кырдаал коңшу Белгород облусунда да жарыяланды.

Орусия Курск, Белгород жана Брянск облустарында «антитеррордук» операция жүргүзүп жатканын айтууда.

Ал эми Украина Курск облусунан жана ага коңшу аймактардан Орусия украин шаар-кыштактарын тынымсыз аткылап келатканын, ошону токтотуу үчүн гана кирип барганын, жерин ээлеп алуу ниети жоктугун, бул операциясын өз элин коргоо максатында гана жүргүзүп жатканын билдирүүдө.

Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн өз алдынча тактоо мүмкүн эмес.

Курск аймагына украин аскерлери 6-августта кирип барган. (RK)

XS
SM
MD
LG