Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:34

Кендирбаева: 12 жылдык билим берүүгө даярдык быйыл башталат


Догдуркүл Кендирбаева.
Догдуркүл Кендирбаева.

Быйылкы жаңы окуу жылы 12 жылдык билим берүүгө даярдык көрүлөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева министрликтин Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

Министрдин сөзүнө караганда, быйылкы жылы окуу китептери жаңы билим берүү стандарттарына ылайыкталып, даярдалат. Кийинки жылдан тарта 12 жылдык билим берүүгө өтүү башталат.

Ага ылайык, келерки жылда мектептердеги башталгыч, орто жана жогорку класстар бирден классты аттап өтүшөт. 12 жылдык билим түүралуу алгачкы аттестат 2028-2029-жылкы окуу жылы аяктаганда берилет.

Билим берүү жана илим министри ошондой эле окуучулардын формасы мурдагыдай эле ар бир мектептин уставына карай чечилерин кошумчалады.

"Окуучулардын көйнөктөрү ак, шым, юбкалары кара түстө болсун деп сунуштап жатабыз. Мындай бирдиктүү форма балдардын өздөрү үчүн деле жакшы", - деди Кендирбаева.

Билим берүү жана илим министрлиги 12 жылдык билим берүү боюнча “Алтын казык” деп аталган жаңы мамлекеттик программаны сунуштаган. Президент Садыр Жапаров жаңы программа мамлекеттин келечегин аныктай тургандай болушу керектигин айткан.

Реформага ылайык, алты жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алат. 10-11-12-класстарда кесипке багыт берүү иштери башталат.

Мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев дагы ушундай системаны демилгелеген. Ал мунун максаты мектептерди эл аралык стандартка ылайыкташтыруу, чет өлкөгө окууга баруу үчүн ыңгайлуу шарт түзүү деп түшүндүргөн. Бул сунуш социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG