14-августта 96 жашында өмүрдөн өткөн Бүбүйра Кыдыралиева кыргыз тарыхы үчүн маанилүү маалыматты алып жүрүп, сталиндик залим бийликтин кылмышынын бетин ачкан тарыхтын күбөсү эле.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Атанын аманаты
Бишкек шаарынан 30 чакырым алыстагы Чоң-Таш айылынын жанында 1938-жылы 138 киши атылып, кыш бышыруучу чакан заводдун эски мешине көмүлгөн. Алардын катарында өткөн кылымдын 20-30-жылдарындагы Кыргызстандын саясий, мамлекеттик жана коомдук ишмерлери - Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Иманаалы Айдарбеков, кыргыз адабияты менен искусствосунун көрүнүктүү өкүлү Касым Тыныстанов баш болгон инсандар болгон.
Бул массалык атуу менен жашыруун көмүүнү атасы Абыкан Кыдыралиевден уккан Бүбүйра эне 1990-жылга чейин сыр катары сактап келген.
Кыдыралиеванын маалыматынан кийиин гана 1991-жылы 12-июнда сөөктөрдү казуу башталып, июль айында аяктаган.
Алардын айрымдарынын чөнтөктөрүндө сакталып калган айыптоо бүтүмү, ошондой эле Кыргызстан мамлекеттик коопсуздук комитетинин жана СССР мамлекеттик коопсуздук комитетинин архивдериндеги материалдар боюнча атылгандардын кимдер экендиги такталып чыккан. Текшерүү көрсөткөндөй, коюлган күнөөлөр негизсиз болгон, «мойнуна алган билдирүүлөр» адам чыдагыс кыйноо жолу менен алынган.
Аларды кайра көмүүнү уюштуруу жана элесин түбөлүккө калтыруу максатында өкмөттүк комиссия түзүлгөн. 1991-ж. 30-августта Бишкекте аза күтүү митингиси болуп, андан соң репрессиянын курмандыктары алгач көмүлгөн жайга жакын жерге ариет-аза күтүү аземи менен коюлган. Бир күндөн кийин кыргыз өлкөсү Эгемендүүлүгүн жарыялаган. Бүбүйра Кыдыралиеванын каармандыгы дал ушул эгемендик менен тыгыз байланышта.
Жашыруун сөөктөр көмүлгөн жерди казууну демилгелеп чыккандардын бири ошол кездеги мамлекеттик коопсуздук комитетинин жаш капитаны Болот Абдрахманов болгон.
Дагы караңыз
Бүбүйра Кыдыралиева. Тоталитаризмдин кылмыштуу пардасын сыйырган каарман
Учурда “Ата-Бейит” мемориалдык комплексин жетектеп жаткан Болот Абдрахманов тарыхый окуяны ачыктаган Бүбүйра Кыдыралиева менен кандайча таанышканын буга чейин мындайча кеп кылган:
"Мени "Ата-Бейитке" эже алгач 1991-жылдын апрель айында алып келди. Ага чейин 1990-жылы декабрда оозеки түрдө атасынан калган аманатты айтып берген. Эже булар атылган кезде 10 жаштагы кыз экен. Атасы 78-жылы көз жумарда гана топ адамдар атылганын айтып кой деп аманат кылыптыр. Бирок эже 90-жылдары гана айтканга аракет кылган. Анан мен 1938-жылкы окуяны биз ачалы деп көгөрүп туруп алдым, эжеге да убада берип койдум эле. Анан 138 кишинин сөөгүн таптык. Алардын катарында улут каймактарынан башка да 17 улуттун өкүлү, карапайым адамдар да бар. Бул тарых Бүбүйра эженин аманатынан улам табылды. Бүгүн мына, "Ата-Бейит" десе Бүбүйра Кыдыралиеваны, Бүбүйра десе "Ата-Бейитти" эстеп калдык".
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
"Кыргыздын мекенчил кызы эле"
Кыргызстандын аймагындагы «Ата-Бейит» репрессия курмандыктарынын сөөгү аныкталган мурдагы советттик өлкөлөрдүн ичиндеги жападан жалгыз жай.
Бул жай элге айкын болгон соң куугунтуукка кабылып, кийин дайынсыз жоголгон ата-баларын издегендер коопсуздук кызматына көп кайрыла баштаган.
Дал ошол “Ата-бейитте” сөөгү жаткан мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун кызы, коомдуш ишмер Роза Айтматова Бүбүкан Кыдыралиеванын тарыхый эмгеги тууралуу буларды айтты:
“Аныгында эле Бүбүйра эже болбосо биз аталарыбыздын сөөгү кайда калганын билбей калат элек. Ал анык кыргыздын мекенчил кызы эле. 1938-жылы атылгандардын жакындарына алыска он жылга сүргүнгө кетти деген гана кагаз берип коюшкан. А биз атабызды он жылдап күттүк да үмүт менен. Бүбүйра эженин зор эмгеги кандай бааланганын айтуу кыйын. Мен макалаларымда каарман эже менен Болот Абдрахманов Эл Баатыры наамына татыктуу деп далай жаздым. Бирок ага эч ким деле көңүл бурган жок. Кийинки учурларда Кыдыралиевага өкмөт 9-кабаттан үй бериптир деп уктук. Бирок карыган киши 1-кабатта жашаса ыңгайлуу болмок да. Бул өтүнүч менен мен, Жусуп Абдрахмановдун кызы Ленина болуп бийлик башындагыларга да кайрылганбыз. Бирок кийин кандай болду, билбейм. Эже менен да соңку кезде ден соолугунан улам кабарлаша албай калдык”.
Дагы караңыз
“Ата-Бейитте” ачылган сыр
Ал арада президент Садыр Жапаров Бүбүйра Кыдыралиева Кыргызстандын тарыхында чоӊ из калтырганын билдирип, анын жакындарына жана жалпы кыргызстандыктарга көңүл айтты.
“Бүбүйра апанын “Ата-Бейит” апаатын жүрөгүнө канчалаган жыл бою жүк кылып сактап жүрүп, акыры атасынын аманаты катары ачыкка чыгарып, кыргыз тарыхына ташка тамга баскандай из калтыргандыгын ар бир кыргыз жараны жакшы билет. Бүбүйра апа сырын ачпаганда, биз мамлекет түптөөчү аталарыбыздын бир далайын билбей каларыбыз анык эле. Ата Мекени үчүн башын сайган аталардын баасы-баркы бүгүнкүдөй ачылбай, алардын укум-тукумдарынын көксөөсү суубай кала бермек беле, ким билет? Кандай болгон күндө дагы тарыхыбызды тактоого, ата-бабаларыбыздын урпактары үчүн өмүрүн сайып, өзүнчө мамлекет болууга жасаган эмгектерин ачып чыгууга нар көтөргүс салымын кошту.
Эң өкүнүчтүүсү бабаларыбыздын көксөгөн мүдөөсү болгон Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгын белгилөөгө Бүбүйра апа катышып, ошол ата-бабалардын эбегейсиз эмгектеринин даңазаланышын өз көзү менен көрүп калса болбойт беле...”
"Баалуу эстелик калтырып кетти"
Тарыхчы Аида Кубатова Бүбүйра эненен эмгеги бүгүн эле даңаза болбостон, эртеңки муун үчүн да мааниси зор дейт:
“Бүбүйра Кыдыралиеванын эмгеги биздин тарых үчүн зор мааниге ээ. Ал жарым кылымдан ашык сактап жүргөн сырынын арты менен мамлекеттүүлүктү түптөгөн инсандардын кайда көмүлгөнү тууралуу маалыматка ээ болдук. Репрессияга кеткен канчалаган адамдардын аты-жөнү айтылганы менен алардын сөөгү кайда коюлганы дайынсыз болчу. Бул бизге эле эмес жалпы постсоветтик өлкөлөргө тиешелүү маселе. "Ата-Бейиттин" дагы бир өзгөчөлүгү - улут каймактарынын бир жерден табылышында. Муну дагы эгемендүүлүктүн белгиси катары карасак болот. Ошондуктан Кыдыралиева жарандык улуу парзын өз өлкөсү алдында аткарып кетти. Эже жасаган иши менен тарыхта калды, элдин эсинен унутулгус баалуу эстеликти артына калтырып кетти. Бул эртеңки муунга да даңаза боло бере турган эмгек”.
Дагы караңыз
НКВД абагындагы кыйноо. Сөөгү жашыруун көмүлгөн Орозбеков
Эгемен Кыргызстандын алгачкы күндөрүндө улуу сырды ачып, кыргыз тарыхынын кемтигин толуктаган Бүбүйра Кыдыралиева Ленинграддагы Жогорку партиялык мектепте билим алып, ушул тармакта узак жылдар эмгектенген. Андан кийин карапайым турмуш кечирди. Жада калса, 1990-жылы "Ата-Бейиттин" сырын ачкан соң репрессияланган 138 адамдын сөөгүн кайра көмүү расмисине чакырылбай калганын өзү айткан жайы бар. Ага Кыргызстанда “Эрдик” медалы ыйгарылган.
60 жылдай сырды бекем катып, өлкө үчүн өзгөчө мезгил келерин үмүт кылган Бүбүйра Кыдыралиеванын сөөгү 15-августта Чүйдүн Бер-Булак айылындагы туугандарынын үйүнөн чыгып, ушул эле айылда жерге берилди. Бер-Булак Чоң - Ташка жакын айылдардын бири.