Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Бүбүйра Кыдыралиеванын сөөгү Бир-Булак айылында жерге берилди


Бүбүйра Кыдыралиева менен коштошуу зыйнаты. 15-август, 2024-жыл.
Бүбүйра Кыдыралиева менен коштошуу зыйнаты. 15-август, 2024-жыл.

Сталиндик репрессияда атылгандар көмүлгөн жерди көрсөтүп берген Бүбүйра Кыдыралиеванын сөөгү 15-августта Чүйдүн Бир-Булак айылында жерге берилди. Маркум менен коштошуу зыйнатына бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, замандаштары, жакындары катышты.

Бишкектин чет жагында атып өлтүрүлгөн репрессия курмандыктарынын сөөгү жаткан жерди Бүбүйра Кыдыралиева 1990-жылы ачыкка чыгарган. Ага бул жашыруун маалыматты өз кезегинде НКВДнын дачасында кароолчу болуп иштеген атасы Абыкан Кыдыралиев 1973-жылы айтып берген. Кыдыралиева укканын Совет доорунда ачык жарыялоого батынган эмес.

"Эл душманы" жарлыгы тагылып, 1938-жылы 5-7-8-ноябрь күндөрү атылгандардын арасында Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов баштаган интеллигенциянын 137 өкүлү болгон. Маркумдардын сөөгү 1991-жылы 30-августта жаңы негизделген "Ата Бейит" көрүстөнүнө арууланып кайра коюлган. Эртеси күнү Жогорку Кеңеш Кыргызстандын эгемендигин жарыялаган.

"Эрдик" медалынын ээси Бүбүйра Кыдыралиева 14-августта 96 жашында дүйнө салган. (MZh)

XS
SM
MD
LG