"Эл душманы" жарлыгы тагылып, 1938-жылы 5-7-8-ноябрь күндөрү атылгандардын арасында Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов баштаган 137 интеллигенция өкүлү болгон.
Чоң-Таш айылына жакын жердеги чуңкурга чогуу көмүлгөн маркумдардын сөөгү 1991-жылы табылып, ал жай «Ата-Бейит» мемориалдык комплекси деп аталган.
Бул жерде репрессияда атылгандар көмүлгөнүн Бүбүйра Кыдыралиева аттуу жергиликтүү тургун 1991-жылы гана айтып чыккан.
Ага бул жашыруун маалыматты өз кезегинде НКВДнын дачасында кароолчу болуп иштеген атасы Абыкан Кыдыралиев 1973-жылы айтып бергенн. Бирок совет доору болгондуктан Бүбүйра укканын ачык жарыялоого батынган эмес.
Репрессия изилденип бүтө элек
Тарыхчылардын айтымына караганда, сталиндик репрессиянын залалын иликтөө узак жылдарды талап кылат. Азырынча Кыргызстанда бул иштин чети оюла элек.
- Биз айсбергдин суунун үстүндөгү бөлүгүн гана ачтык. Ачыла турган маалыматтар али алдыда. Архивдик булактарга таянып, буга чейин белгисиз болгон жеке тарыхый инсандардын жана жалпы эле ошол мезгилдеги саясый багытын иликтөө тапшырмасы турат. Эмне үчүн элдин "элдик өлкө курабыз", "жумушчу, дыйкандардын мамлекетин курабыз" деп башталган демилгелери 180 градуска бурулуп кетти? Мунун бардыгына азырынча жооп жок, - дейт тарых илимдеринин кандидаты Сыдык Смадияров:
Дал ушул маселе Бишкекте өткөн "Сталиндик репрессиянын күнөөсүз курмандыктары элдин эсинде" деген аталыштагы эл аралык илимий жыйында талкууланып, Казакстан, Өзбекстан ж.б. кошуна өлкөлөрдүн окумуштуулары бул маселени биргелешип иликтөөсү зарыл деп эсептешти.
Өзбекстандан келген тарых илимдеринин доктору, профессор Рустам Шамшидинов:
- Калкка жашыруун документтерди биргеликте издеп, табышыбыз керек. Мен мисалы Москванын бир топ архивинде болдум. Анын ичинде Федералдык коопсуздук кызматынын, Украинанын, Кавказдын, Сибирдин архивдеринде болуп, атууга кеткендердин арасынан өзбек, кыргыз, түркмөн улутундагылардын маалыматтарын таптым. Биз ошондуктан кыргыз, өзбек деп бөлбөстөн, комплекстүү изилдөө иштерин жүргүзүшүбүз керек.
Окумуштуунун айтымында, Ташкент шаарынын өзүндө эле 1936-жылдын 4-16-октябрь аралыгында НКВДнын кишилери 500 кишини атууга кетирген.
Каймагы кеткен эл карып...
Кыргызстан сталиндик репрессия жылдарында өзүнүн 40 миңге чукул уулунан ажыраган. Тарых илимдеринин кандидаты Сыдык Смадияров кыргыз эли репрессияны көрбөсө башкача жашамак деген ойдо.
- Бул кишилер мекенчил болгон. Өздөрүнөн мурда коомдун, мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга коюшкан. Алар азыркы элитадан айырмаланып эч качан өз чөнтөгүн же кызыкчылыгын ойлогон эмес.
Сталиндик кандуу кыргын 1937 – 38-жылдары күчөгөн. Ошол мезгилде камалып, атылып, кыйноого кабылып өлгөндөрдүн саны миллионго жакын экени болжолдонуп келет.
Алардын катарында Кыргызстандын 1920-30-жылдардагы көрүнүктүү саясий, мамлекеттик жана коомдук ишмерлери Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Хасан Жээнбаев, Эркинбек Эсенаманов, Мурат Салихов, Султанкул Шамурзин, Иманаалы Айдарбеков, кыргыз адабияты менен искусствосунун көрүнүктүү өкүлү Касым Тыныстанов жана башкалар болгон.
Репрессия курмандыктарынын 80 жылдыгынын алдында президент Алмазбек Атамбаев мурда Октябрь революциясынын жеңиш күнү катары майрамдалып келген 7-8-ноябрь күндөрүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп жарыялоо тууралуу жарлык чыгарды. Анын негизинде Жогорку Кеңеш мыйзам кабыл алды.