Ош шаардык мэриясы мушкер Мунарбек Сейитбек уулуна үч бөлмөлүү батир берди

Париж Олимпиадасында күмүш медал уткан Мунарбек Сейитбек уулу, 10-август, 2024-жыл

Ош шаардык мэриясы Парижде өткөн Олимпиадада күмүш медал алган Мунарбек Сейитбек уулуна Ош шаарынан үч бөлмөлүү батир жана 1 млн сом, ал эми анын машыктыруучусу Беганас Султанбаевге Ош шаарынан эки бөлмөлүү батир жана 500 миң сом берди.

Ошондой эле Олимп оюндарында коло медал алган Акжол Махмудовго 1 млн сом, машыктыруучусуна 250 миң сом сыйлык тапшырылды.

Дагы бир балбан - Олимпиаданын катышуучусу Кубанычбек Айбек уулу 250 миң сом, машыктыруучусу 100 миң сом менен сыйлады.

Ош облустук администрациясы Мунарбек Сейитбек уулуна ат мингизип, акчалай сыйлык тапшырды.

Олимп оюндарында ийгилик жараткан спортчуларды тосуп алуу салтанаты Ош шаарында 16-августта болду.

Олимп оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу барды. Алардын ичинен кыз-келиндер күрөшүнөн 68 кг чейинки салмак ченинде балбан кыз Мээрим Жуманазарова күмүш, 57 кг чейинки салмакта мушкер Мунарбек Сейитбек уулу да күмүш медал алды. Грек-рим күрөшүнөн 60 кг чейинки салмак ченинде Жоламан Шаршенбеков, 77 кг чейинки салмакта Акжол Махмудов, 97 кг чейинки салмакта Үзүр Жузупбеков коло медал алды. Кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг чейинки салмак ченинде Айсулуу Тыныбекова да коло медал утту.

26-июлдан 11-августка чейин өткөн Париж оюндарына 206 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу катышты. Анда жалпысынан 329 комплект медал ойнотулду. Кыргызстан эки күмүш, төрт коло медалы менен 68-орунду ээледи. (DSh/ZKo)

Дагы караңыз

"Кремл ЖККУдан жардам сураса, Казакстан, Кыргызстан аны колдобойт"Милиция Мирланбек Маратбек уулунун иши боюнча комментарий бердиКөлбаевдин "өкүл атасы" Азим Ройдун кылмыш ишинин бүдөмүк жагдайы Катарда Газа боюнча сүйлөшүү өтөтУКМК уюлдук телефондорду каттоонун жол-жобосун түшүндүрдү