Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Катарда Газа боюнча сүйлөшүү өтөт


Газа сектору.
Газа сектору.

Газа секторундагы атышууну токтотуу жана жалпы аймактагы чыңалууну басаңдатуу максатында 15-августта Катардын борбору Дохада кезектеги сүйлөшүү өтөт. DPA маалымат агенттиги белгилегендей, бул жолугушуу чечүүчү мүнөзгө ээ.

Сүйлөшүүгө АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) директору Уильям Бернс, Катардын премьер-министри Мохаммед бин Абдулрахман ал-Тани жана Египеттин чалгын мекемесинин башчысы Аббас Камел катышат.

Израилдин атынан тышкы чалгын кызматынын башчысы Давид Барнеа барары маалымдалган.

Ал эми ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) сүйлөшүүгө катышпай турганын, жыйынтыгы боюнча маалыматты кабыл алууга даяр экенин билдирген.

АКШ, Египет жана Катар өкүлдөрү Газадагы согушту токтотуу үчүн ортомчу катары тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп келе жатышат, бирок алардан азырынча оң жыйынтык чыга элек.

Былтыр 7-октябрда Израил ХАМАСтын кол салуусуна кабылып, бир күндө 1197 кишинин өмүрү кыйылган, 251 киши барымтага алынган. Барымтадагылардын 111и дагы эле ХАМАСтын колунда экенин, 39у каза болгонун израилдик аскерлер билдирүүдө. Ошондон кийин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ХАМАСты жок кылууга убада берген жана Газа секторунда чабуулдар башталган. Андан бери Израил армиясынын Газадагы соккуларынан каза тапкандар 40 миңден ашканын сектордун саламаттык сактоо мекемеси айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG