Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:07

"Кремл ЖККУдан жардам сураса, Казакстан, Кыргызстан аны колдобойт"


Досым Сатпаев
Досым Сатпаев

“Орусиянын аймагына чабуулу менен Украина дагы деле таң калтыра аларын баарына көрсөттү”, - дейт казакстандык белгилүү саясат таануучу Досым Сатпаев. Ал украин армиясынын Курск аймагындагы операциясы Орусиянын беделине катуу сокку уруп жатат деп эсептейт.

“Азаттыктын” казак кызматы Досым Сатпаевди кепке тартып, эмне үчүн Москванын союздаштары үн катпай турганын, Кремл Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ОДКБ) аскердик жардам сурашы мүмкүнбү деген суроолорду узатты.

- Досым мырза, украин бийлиги армиясы Орусиянын Курск облусуна киргенин 12-августта биринчи жолу ырастады. Канча аймак украин аскерлеринин көзөмөлүнө өткөнү боюнча Киев менен Москва эки башка маалымат берүүдө. Ошол эле маалда Кремл 28 калктуу конуш украин күчтөрүнүн көзөмөлүндө экенин моюнуна алды. Орусиянын Курск аймагындагы соңку окуяларды сиз кандай мүнөздөйт элеңиз?

- Курскидеги окуялардан улам байыркы кытай трактаты, Сунь Цзынын “Согуш искусствосун” эстедим. Миңдеген жыл мурун жазылган бул байыркы эмгекти дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндөгү Аскер академияларында окушат. Азыркы тапта украин куралдуу күчтөрүнун аракеттеринен дал ушул Сунь Цзынын трактатындагы негизги пунктун ишке ашырып жатканын көрөбүз. Анда “Сени күтпөгөн жерде бол жана даярдыксыз олтурган жерге чабуул кой” деген. Мааниси жагынан алганда, украин күчтөрү чынында эле стратегиялык демилгени колго алуу максатында тактикалык сокку уруунун натыйжалуу жолун көрсөттү. Азыркы учурда Украинага мунун эмне кереги бар эле, мунун кесепети, натыйжасы кандай болот деген талкуулар активдүү жүрүүдө. Бирок аскердик көз караштан алганда, негизги тапшырма Орусиянын башка фронттордогу аскер күчтөрүн тартуу болгону түшүнүктүү. Тагыраагы, Харьков регионунан жана башка. Мен түшүнгөндөн бул тапшырма кайсыл бир деңгээлде ишке ашты десек болот. Анткени Орусия өзүнүн айрым аскер күчтөрүн Курск аймагына таштап жаткандай. Экинчи маанилүү тапшырма – Орусиянын аймагынан кайсыл бир плацдармга ээ болуу. Ал аркылуу украин аймагын жана аскер турумдарын бомбалап жаткан Орусиянын аба майдандарына ракеталык сокку жолдоо. Андан ары Орусиянын аскер инфраструктурасына сокку уруу. Ооба, бул абдан ойлонулган, күчтүү кадам экенин айтсак болот. Албетте, көп нерсе украин аскерлери басып алган аймагында позицияларын канчалык бекем турукташтыра алат дегенге байланыштуу. Алар басып алган аймактарын кеңейтеби же коргонобу деген суроолор маалымат каражаттарында дагы талкууланып жатат. Өлкөнүн аброю үчүн дагы маанилүү маселе болду. Биринчи кезекте Путиндин, Орусиянын Коргоо министрлигинин аброюна катуу сокку. Украинанын бул акциясы Путинди жаакка чапкандай болду.

- Украинанын президенти Владимир Зеленский билдирүү жасап, "Путиндин башкаруусу мындан 24 жыл илгери Курскидеги катастрофа менен башталган, эми анын финалы дагы Курск болот" деп айтты. Бул айтылгандарга кошулса болобу же шашылыш чыгарылган бүтүм болуп калдыбы? Сиздин пикир кандай?

- Мен Невзоровдун сөзүн келтиргим келип турат. Ал “көптөр сырттан туруп Орусияны аябай гигант, кубаттуу өлкө катары санайт. Чынында Орусия картон өлкө” деп айтканы бар эмеспи. Биз азыр парадокс көрүнүштөргө күбө болуп жатабыз. Калкынын саны аз, аймагы чакан Украина аскердик, демографиялык жактан алганда өзүнөн алда канча чоң өлкө менен эки жылдан бери согушуп жатат. Украин аскер жетекчилиги, командачылыгы, жалпысынан тактика, стратегиясын алсак, дүйнөдөгү алдыңкы аскер академияларында XXI кылымда, өзүнөн күчтүү каршылашы менен кантип согуш жүргүзүүнү жакшы өздөштүргөн. Ошондуктан бул жерде моралдык дух тууралуу кайра кайталай кетейин.

Жогоруда биз мисал келтиргендей, Сунь Цзынын дагы бир айтканы бар: “Согушта ийгиликке жетүү үчүн аны жаратуу керек”. Согуштун узакка созулушу аны баштаган өлкөнүн өзүнө кесепетин тийгизет. Путин жана анын айланасындагылар орусиялыктарга 2022-жылы үч айда Киевге киребиз деген убада беришкен. Арадан эки жыл өттү, азыр эми Орусиянын өзүнүн аймагында согуштук аракеттер жүрүүдө. Украина көп жагынан өзүн көрсөттү. Бул Кремлге дагы, Батышка дагы ишарат болду. Украинанын ийгиликтүү жүрүштөрү качан башталды?

Батыш Украина сураган көлөмдөгү курал-жаракты бере баштагандан кийин гана күчөдү. Батыш “кырдаал ого бетер курчуйт” дегендей ар кандай жүйө менен эки жылдан бери Украина сураган көлөмдөгү курал-жарактарды бербей келген. Өткөн жылы ушундай себептер менен ок-дарынын, курал-жарактын таңкыстыгынан Украина стратегиялык демилгени колдон чыгарган. Батыш бул жерде күнөөсү бар экенин түшүнүп, ошондуктан азыр мамилесин өзгөрттү. "Өзөктүк кнопка" Путиндин опузасы экенин да түшүнө башташты окшойт. Алар Путиндин башка тактикасы болгонун билишти. Ал ноябрда өтө турган Американын шайлоосун күтүп жатат. Шайлоодон кийин Украинага карата мамиле өзгөрөрүн билет.

- Орусиянын Курск аймагындагы салгылаштар бир аптадан бери уланып жатат. Бирок Москванын союздаштарынын эч кимиси үн каткан жок. Эмне үчүн?

- Бул жерде Кыргызстан, Казакстан боюнча түшүнүктүү. Алар Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ОДКБ), Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчөсү, Өзбекстанды дагы түшүнсө болот. Эмгек миграциясы кыскарып жатканы менен өзбек диаспорасы Орусиядагы эң чоң диаспоралардын бири. Борбор Азиянын көпчүлүгү авторитардык өлкөлөр. Путин алар менен бир толкундагы киши. Андан сырткары, айрым Борбор Азия өлкөлөрү жарандык коомду көзөмөлдөө үчүн орусиялык ыкмаларды колдонуп жатканын дагы көрсөк болот. Экинчиден, Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү экономикалык жактан Орусияга көз каранды. Ал тургай Казакстандын дагы көз карандылыгы күчөп жатат.

- Астана күтүү абалында калууну туура көрүп жатабы? Мындай позицияны канчага чейин карманууга болот?

- Менимче, Борбор Азиянын президенттери Батыштын дагы позициясын жакшы билишет. Украинада согуш башталгандан кийин алар Бээжин жана Москва менен мамилеси жакшы экенине карабай, Батыш кандайдыр санкция салуу ниети жок экенин, басым кылбай турганын жакшы түшүнөт. Анткени биз өткөн жылы Борбор Азияга Германиянын президенти Штайнмайердин, Франциянын президенти Макрондун иш сапарга келгенин көрдүк. АКШ, Батыш үчүн бул чөлкөм өтө маанилүү. Экономикалык, саясий жактан алганда дагы мааниси чоң.

Батыш өзүнүн аракеттери менен Борбор Азияны Путинге, Си Цзиньпинге дагы жакындатышты каалабайт. Менимче, Борбор Азия президенттери да муну түшүнө баштады. Украинадагы согуш тең салмактуулукту бир аз өзгөрттү. Бир тараптан Кытайдын таасири өскөнүн көрүп жатабыз. Муну Шанхай кызматташтык уюмунун саммити көрсөттү. Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери бул тактада ойносо болорун түшүнүп атышат. Москва менен дагы мамилесин үзбөй, муну менен катар эле Батыш менен да, Кытай менен да, Перс булуңундагы өлкөлөр менен да кызматташып, алардын ролу көпүрө болуу экенин көрсөтүүдө.

- Казакстан Орусия менен чогуу Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ОДКБ) мүчө. Бул уюмга Кыргызстан, Беларус, Тажикстан дагы кирет. Армения болсо уюмдан чыгарын айткан. ЖККУнун уставында “уюмдун бир мүчөсүнө кол салуу бардык мүчөлөрүнө кол салуу катары саналары” көрсөтүлгөн. Москва ЖККУ мүчөлөрүнөн жардам сурашы мүмкүнбү?

- Уюмдун уставынын 7-беренесинде жамааттык коргонуу боюнча көрсөтүлгөн. Чынында ЖККУ аскердик эмес, көбүрөөк саясий уюм десек болот. Путин башында муну Орусиянын геосаясий таасирин чыңдоонун куралы катары караган. Көп жылдар Кремл ЖККУдагы өзүнүн ролун уюмдагы коопсуздук боюнча негизги провайдер катары даңазалап келди. Эгерде Курскидеги украин аскерлеринин чабуулу Путинди жаакка чапкандай кылса, ЖККУну чакыруу экинчи ирет жаакка чабуу болот. Анткени, жогорудагы аскердик уюм андан бетер ыдырайт.

2022-жылы Орусия согушту баштап, бирок куралдуу күчтөрүндөгү алешемдиктер өлкөнүн аброюна ансыз да сокку урду. ЖККУнун башка мүчөлөрү “көрсө, өзүбүздүн куралдуу күчтөрүбүздү күчтөндүрүшүбүз керек экен же башка өнөктөштөрдү издегенибиз оң тура” деп, Түркия сыяктуу мамлекеттер менен кызматташып, курал-жарак алууга умтула баштады. ЖККУ жарым жан уюм болуп калганын көрсөттү. Азыр ички келишпестиктер да бар экенин Армениянын мисалында көрсөк болот.

Казакстан, Кыргызстан бул демилгени (көмөк көрсөтүүнү) колдобойт. Батыш менен көпүрөнү бузгусу келбейт. Лукашенко деле азыр мурдагыдай активдүү болбой жатат. Менимче, Кремлде деле бул түзүм кандай экенин жакшы түшүнүшөт.

"Азаттыктын" казак кызматына жарыяланган маек айрым кыскартуулар менен берилди.
XS
SM
MD
LG