Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:13

УКМК уюлдук телефондорду каттоонун жол-жобосун түшүндүрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстанда уюлдук телефондорду каттоонун шарты тууралуу маалымат берип, каттоодон өтпөгөн мобилдик телефондор 16-августтан баштап өчүрүлө турганын эскертти.

Ага ылайык, Кыргызстанда ушул жылдын 25-июнуна чейин колдонулган уюлдук телефондор Мамлекеттик идентификациялоо системасына (МИС) автоматтык түрдө киргизилип, каттоого алынган. Ушундан улам аларды өз алдынча каттатууга муктаждык жок жана мобилдик телефондор иштей берет.

Министрлер кабинетинин токтому боюнча, бир адам Кыргызстанга бир жылда экиден ашык эмес уюлдук аппаратты жеке пайдалануусу үчүн акысыз алып кире алат. Чет жактан уюлдук телефон сатып алгандар же онлайн буюртма бергендер аны www.imei.kg сайтына каттатышы керек.

Ал эми Кыргызстандан мобилдик телефонду сатып алгандар аны өз алдынча каттатуунун кажети жок. Болгону аны сатып алардын алдында *5656# буюртмасын терип, www.imei.kg веб-сайты же Beeline, Mega, O! байланыш операторлорунун тиркемеси менен уюлдук телефон Мамлекеттик идентификациялоо системадан каттоодон өткөн-өтпөгөнүн текшерүү зарыл.

Чет өлкөдөн сатылып алынган телефондорду ишкерлер www.imei.kg. сайтында каттатышы керек. Кыргызстанда мобилдик телефондорду каттоо иши менен “Инмобайлс” компаниясы алектенет.

Өкмөт бул ишти бажы төлөмдөрүн жана салыктарды төлөөнү камсыз кылуу, уурулукка каршы максатта ишке ашырып жатканын билдирген.

Идентификациялоо операторунун маалыматы боюнча телефондордун IMEI коддору сакталган базага УКМК ээлик кылат. Уюлдук телефон уурдалган учурда милицияга арыз түшсө, анда ички иштер кызматкерлери уурдалган телефонду аралыктан өчүрүп кое алышат.

IMEI код — бул ар бир телефон жана смартфон үчүн бериле турган идентификациялык номер. Ал өндүрүүчү тарабынан коюлуп, телефон түйүнгө кошулган маалда байланыш операторуна берилет. Кошумча каттоо жана калктын маалыматтарын бир базага топтоо зарылдыгын Министрлер кабинети телефон уурулуктун көбөйүшү, аткезчиликке каршы күрөш, казынаны бажы төлөмдөрү менен толтуруу максаты катары түшүндүргөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG