Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

Көлбаевдин "өкүл атасы" Азим Ройдун кылмыш ишинин бүдөмүк жагдайы


Азим Рой жана Камчы Көлбаев. УКМК тараткан сүрөт.
Азим Рой жана Камчы Көлбаев. УКМК тараткан сүрөт.

“Кактус Медиа” басылмасы өз булактарына таянып, кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өкүл атасы делген Азим Ройго козголгон кылмыш иши токтотулганын жазып чыкты. УКМК 2023-жылы ноябрда Азим Ройго, 2024-жылы мартта анын жубайына издөө жарыялаган. Экөө тең криминалдык топтор менен байланышы бар деп айыпталган.

"Кактус Медианын" маалыматы, кыскарган кылмыш иши

13-августта “Кактус Медиа” өтмүшү талаштуу Азим Ройго козголгон кылмыш иши 28-майда токтотулганын, бул чечимди Чүй облусунун прокуратурасы мыйзамдуу жана негиздүү деп тапканын жазып чыкты. Басылманын маалыматына караганда, Азим Ройдун иши "кылмыштын курамы жок" деген негизде токтотулган. Мындан тышкары Азим Рой мамлекеттин эсебине 13 млн. доллар төгүп берген.

Азырынча тиешелүү мамлекеттик органдар бул тууралуу эч кандай комментарий бере элек.

Атайын кызмат 2023-жылы Азим Рой Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылап, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенгени такталганын жарыялаган. Ошондо Рой менен Көлбаевдин чогуу түшкөн сүрөттөрү жарыяланып, жүз миңдеген долларга бааланган байлыгы да көрсөтүлгөн. Алгач өзү, андан соң жубайына кылмыш иши козголуп, экөө тең кылмыштуу топтор менен байланышы бар деп айыпталган.

Ройго издөө жарыялангандан кийин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мындай деген:

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

“Сейдазимов Кыргызстанга келгенде мен дагы, президент да кабыл алган. Ал ошондо "мурдагы криминалдык жүрүш-турушумду токтоттум. Мен эми инвестормун. Кыргызстанга акча салайын, завод-фабрика курайын. Элге жумуш камсыз кылайын" деп айткан. Президентибиз да "макул, иштегиле. Мыйзамды бузбагыла, адамдарга зыян келтирбегиле" деп айткан. Ошондон бери эки жыл өттү. Азим Рой Кыргызстанда завод-фабрика эмес, бир дүкөн салган жок. Кайрадан мурдагы иштерин баштады. Элди талап-тоноо, коркутуп-үркүтүү, тартып алуу, акчасынын күчү менен укук коргоо органдарын, жергиликтүү бийлик органдарын сатып алуу фактыларын баштады. Мына ошондо биз чара көрдүк", - деген эки жыл мурун Ташиев.

Ошол учурда Азим Рой криминалдык авторитет Камчыбек Асанбектин таасиринен пайдаланып, Бишкекте курулуп жаткан “Арстан Таувер” бизнес борборунун 10 млн АКШ долларга бааланган 6000 чарчы метр үлүшүн мыйзамсыз ээлеп алганы да айтылган.

Мындан бир жыл мурун Азим Ройго издөө жарыялаган Улуттук коопсуздук комитети кыскарып кетти делген кылмыш иши тууралуу маалымат бере элек.

Талкуу жараткан сүрөт, милициянын сыйына татыган Азим Рой

Азим Ройго байланыштуу маалыматтар 2020-жылдан кийин чыга баштады. 2022-жылы Ройдун президент Садыр Жапаров менен чогуу түшкөн сүрөтү интернетке жарыяланып, коомдо кызуу талкууланган. Ал сүрөттө президенттин кудасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев дагы бар болчу. Журналисттер аталган сүрөт Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденцияда тартылганын аныктап чыгышкан.

Акылбек Түмөнбаев, Садыр Жапаров жана Азим Рой.
Акылбек Түмөнбаев, Садыр Жапаров жана Азим Рой.

Азим Рой 2021-жылы Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин медалы менен да сыйланганы, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Ардак баракчасын алганы да белгилүү болгон. Эки мекеме тең өтмүшү шек жараткан жаранга көрсөтүлгөн сый-урматтын себебин түшүндүргөн эмес.

Азим Ройдун медал-грамоталары.
Азим Ройдун медал-грамоталары.

Ушундай өтмүшү талаштуу, издөөгө алынган Азим Ройдун иши кыскарганы айтылганы боюнча иликтөөчү журналист Болот Темиров мындай деди:

Болот Темиров.
Болот Темиров.

"Бийлик, ошол эле укук коргоо органдары мыйзамга таянбай, өзүнчө практика киргизип жатышат. Козголгон кылмыш иши аягына чыгып, аны жасаган адам сот аркылуу жазасын алышы керек. Кылмышкер болбосо анда эмнеге иш козгодуңар? Ага ИИМ министри Улан Ниязбеков медаль берген, анын президент менен талаштуу сүрөтү чыккан. Бул жерде кош стандарттуулук болуп жатат. Жөнөкөй адамдарда акча төлөп чыгуу мүмкүнчүлүгү болбой камалып кетип атышат. Ошол эле учурда жок жерден камакта отурган журналисттер, акындар бар. Ошол эле маалда чыныгы кылмышкерлер кутулуп кетип атышат. Мыйзам менен эмес, башка бир түшүнүк менен жашап жаткандайбыз да".

Былтыр октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев атайын операцияда жок кылынгандан кийин аны менен байланышы бар деген бир нече киши кармалып, көбүнө “кылмыштуу топторду каржылоо”, “кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди адалдоо” деген айып коюлган. Бир тобу мамлекеттин эсебине каражат төгүп, абактан чыгышкан.

Азим Рой ким?

Рой Азим (Орозахун Сайдазимов) 1957-жылы Панфилов районундагы Чалдовар айылында туулуп, Кара-Балта шаарындагы мектеп-интернатта билим алган. Ал 1981-жылы ок атуучу курал алып жүрүү, кол салуу, “кызыл кулактык” жана маңзат сактоо боюнча бир катар кылмыштары үчүн жети жылга кесилип, Орусиянын абагында мөөнөтүн өтөгөнү айтылып жүрөт.

Ага чейин ошол учурдагы Министрлер советинин төрагасы Султан Ибраимовдун өлүмүнө шектүү деп кармалып, бирок күнөөсү аныкталган эмес. 1995-жылдары анын соттуулугу жоюлуп, 1998-жылы ага каршы ачылган иштер биротоло жокко чыгарылганы айтылып жүрөт.

Орозахун Сайдазимов соттуулугу жоюлгандан кийин, 1997-жылы аты-жөнүн Рой Азим деп өзгөртүп, АКШга виза алып кеткен. 2001-жылы виза алып жатканда мурда соттолгонун көрсөтпөгөнү үчүн алдамчылыкка айыпталып, Флорида штатында кармалган. Бирок ал америкалык сотко 75 миң доллар өлчөмүндө күрөө төлөп камактан чыккан. Кийин ага коюлган айып алынган.

Милициянын ардагери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков Азим Рой Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн анабашылары менен ынак мамиледе болгонун айтты:

Туратбек Мадылбеков.
Туратбек Мадылбеков.

"Азим Рой башында Рысбек Акматбаевдер менен жакшы болгон. Кыргызстан жаңы эгемен болгондо аябай таасирдүү болгон. Кийин чет өлкөгө кетип калып, аты унутулуп калган эле. Өзү аябай эптүү адам да. Анткени жөнөкөй адамга президентке кирип чыгыш кыйын болот. Укук коргоо органдарына техникалык жардам берген учуру да болбодубу. Кийин эле Камчы Көлбаев менен болгон байланышы боюнча иш козголду. Туура, Азим Рой Көлбаев менен аябай жакшы мамиледе болгон".

Эл аралык иликтөөчү журналисттер Азим Рой “Орусия менен Борбор Азиядагы кылмыш дүйнөсү менен байланышы бар ишкер” экени жана кримтөбөл Камчы Көлбаев менен мамилелеш экени белгиленген.

Милициянын ардагерлери Азим Ройдун Орусиядагы кылмыштуу топтун анабашчылары, киши колдуу болуп өлгөн “Япончик” аттуу Вячеслав Иваньков жана Дед Хасан деген каймана ат менен белгилүү Аслан Усоян менен да жакшы мамиледе болгонуна да токтолду.

Кылмыш дүйнөсүнө байланыштуу маалыматтарга караганда, Камчы Көлбаев 2008-жылы Москвада Вячеслав Иваньков катышкан жыйында “мыйзамдагы ууру” макамын алган. Ушундай улам Көлбаевдин кылмыш дүйнөсүндөгү таасирине Ройдун салымы да болгону айтылып жүрөт. Ошондой эле ал Камчы Көлбаевдин кылмыш дүйнөсүндөгү насаатчысы катары да сыпатталат.

2021-жылы жергиликтүү басылмалар жарнамалык негизде Рой Азимдин кайрымдуулук иштерин чагылдырган материал жарыялаган. Рой Беловодскидеги майып балдар интернатын каржылап, өзү туулуп-өскөн Чалдовар айылына материалдык жардам көрсөтүп келгени да жазылган. Алтургай анын ысымы Чалдовардагы бир көчөгө берилип, ага кеткен чыгымды өзү көтөргөнү да айтылат.

Көлбаевдин көмүскө империясы кантип курулган?
please wait

No media source currently available

0:00 0:45:10 0:00

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG