Милиция Мирланбек Маратбек уулунун иши боюнча комментарий берди

Сүрөт Мирланбек Маратбек уулунун Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы Мирланбек Маратбек уулуна Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (“Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу”) менен кылмыш иши козголгонун билдирди.

Облустук милициянын басма сөз кызматы анын Чүй облусундагы үйүн тинтүү Каракол шаардык сотунун токтомунун жана козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында болгонун, Мирланбек Маратбек уулунун бийликке айткан сын-пикирине тиешеси жок экенин кошумчалады.

“Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн биз бул кылмыш иши боюнча толук маалыматты ачыктай албайбыз. Бирок, тергөө амалдарынын алкагында жасалган иш-аракеттер укуктук гана мүнөзгө ээ жана объективдүү чындыкты орнотууга багытталган деп ишендире алабыз. Тергөө амалдарынын бардык маанилүү аспектилери мүмкүн болгондон кийин, расмий маалыматтын алкагында билдирилет. Андыктан, ишенимдүү жана расмий маалыматтарга гана ишенүүнү суранабыз”, - деп айтылат маалыматта.

15-августта Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган постторду жазган Мирланбек Маратбек уулунун Чүй облусундагы үйүн тинтүүгө алган.

Милиция кызматкерлеринин анын үйүн тинтүү учурун Мирланбек Маратбек уулу Фейсбуктагы баракчасына түз эфирде көрсөткөн. Анда өздөрүн Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү деп тааныштырган адамдар текшерүүгө Каракол шаардык соту токтом чыгарып бергенин айтып, ал токтомду көрсөтүшкөн.

Мирланбек Маратбек уулу мыйзамга каршы эч кандай иштерди кылбаганын жана үйүндө тыюу салынган буюм-тайым, материалдар жок экенин айткан.

Мирланбек Маратбек уулу Фейсбукта бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып турат. 1-январда Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко өзгөртүлгөн желекке байланыштуу макулдашылбай илинген туу боюнча күнөөлүүлөрдү жазага тартууну талап кылып, прокуратурага бир нече жолу арыз жазган.

Кыргызстанда социалдык тармактарга жазган пост, пикирлери үчүн жоопкерчиликке тартылып, абакка кесилген окуялар буга чейин бир нече болгон. (BTo)

Дагы караңыз

Катарда Газа боюнча сүйлөшүү өтөтУКМК уюлдук телефондорду каттоонун жол-жобосун түшүндүрдүБеш жашар кызды зордуктоого айыпталган адам өмүр бою абакка кесилдиЖарым жылда жол кырсыгынан 280 адам каза болдуОрусия улуттук азчылыктарды коргоо конвенциясынан чыктыТИМ АКШда сабалган Шайлообек Базарбай Орусиянын жараны экенин билдирди