Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:49

Беш жашар кызды зордуктоого айыпталган адам өмүр бою абакка кесилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кара-Суу райондук соту беш жашар кызды зордуктоого айыпталган Отуз-Адыр айылынын 31 жаштагы тургунун өмүр бою эркиндигинен ажыратты. Сот өкүмдү 14-августта чыгарганын Жогорку соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады.

Маалыматка ылайык, сот шектүүнү Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси ("Адам уурдоо"), 155-беренеси ("Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер") жана 194-берене ("Турак жайдын кол тийбестигин бузуу") менен күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркиндигинен ажыратты. Жазасын өзгөчө тартиптеги абакта өтөйт.

Айыпталуучунун жакындары жана адвокаты сот өкүмү боюнча комментарий бере элек.

Кара-Суу райондук милициясы 15-апрелде Отуз-Адыр айылынын 31 жаштагы тургуну беш жашар кызды зордуктоого шек саналып кармалганын маалымдаган.

Башкы прокуратуранын расмий маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2023-жылы балдарга каршы 1 832 кылмыш жасалган. Мунун ичинен 478и Бишкекте, 427и Чүй облусунда, 220сы Жалал-Абадда, 225и Ош облусунда, 177и Ош шаарында, 119у Ысык-Көлдө, 89у Баткенде, 58и Нарында жана 39у Таласта катталган.

Кыргызстандын акыйкатчысы 2022-жылы өлкөдө жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук, адам укугун бузуу боюнча иштердин 31% кыскартылып, 32% гана сотко жеткенин маалымдаган. Калган 37% создуктурулуп, териштирүү этабында калган. (ZKo/DSh)

XS
SM
MD
LG