Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

ТИМ АКШда сабалган Шайлообек Базарбай Орусиянын жараны экенин билдирди


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) АКШнын Лос-Анжелес шаарында сабалган Шайлообек Базарбай аттуу адам Кыргызстанда төрөлгөнүн, бирок Орусиянын жараны экенин билдирди.

Министрликтин басма сөз кызматы 15-августта тараткан маалыматка ылайык, жабырлануучу Кыргызстандын Чикаго шаарындагы башкы консулдугуна ал Орусиянын жараны экенин, кол салуудан орус паспортун жана аскердик билетин, ошондой эле АКШга тиешелүү башка ички документтерин жоготуп алганын айткан. Мындан тышкары жергиликтүү полиция менен күн сайын кызматташып, тергөө иштери жүрүп жатканын жана ага нааразылыгы жок экенин кабарлаган.

ТИМ ал каржылык жана башка жардамга муктаж эмес экенин кошумчалады.

Социалдык тармактарда Шайлообек Базарбайды Лос-Анжелестин көчөлөрүнүн биринде бир нече өспүрүм ур-токмокко алып, автоунаасын талкалап, буюмдарын уурдап кеткени тартылган видео тараган. Ал Кыргызстандын жараны экени айтылып жаткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG