Жарым жылда жол кырсыгынан 280 адам каза болду

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, быйылкы жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандын жолдорунда 3059 автомобил кырсыгы катталган. Бул былтыркы жарым жылдагы көрсөткүчтөн 2,1% көп.

Жол кырсыктарынан жалпы 280 адам каза болгон. 4464 адам жаракат алган.

Автокырсыктардын басымдуу бөлүгү - 43,9% Бишкекте катталган. Чүй облусунуда 20,3%, Ош облусунда 10,1%.

2023-жылы 6 945 жол кырсыгы катталып, андан 783 адам каза болгон. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп. 2022-жылы 7 040 жол кырсыгынан 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам жашоо менен кош айтышкан. (ZKo)

Дагы караңыз

"Үйүнөн кармап кетишкен". Кытайлык казак интеллигенттери камакта отурабы?Иранда өлүм жазасына соттолгон ырчы акталдыОрусияда АКШ жараны 15 күнгө камакка алындыБританиядагы тополоңдо түркмөн жараны жабыркаганы маалым болду ТИМ АКШда сабалган Шайлообек Базарбай Орусиянын жараны экенин билдирди