Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

Иранда өлүм жазасына соттолгон ырчы акталды


Тумаж Салехи.
Тумаж Салехи.

Иранда «ислам жумуриятына каршы ырдаган» деген айып менен кармалып, өлүм жазасына соттолгон рэп аткаруучу Тумаж Салехи акталганын «Фарда» радиосу жазды. Адвокаты Амир Раесиан 14-августта Х социалдык түйүнүнө (мурдагы Twitter) жазгандай, актоо чечими Исфахан сотунда кабыл алынды.

Өкмөттү сындап, 2022-жылдагы нааразылык акцияларын тутандырган окуялар тууралуу ырдаган аткаруучунун өлүм жазасы эки ай мурда Ирандын Жогорку сотунда жокко чыгарылган.

Бийликке каршы акцияларды колдоп чыккан Салехи 2022-жылы октябрда кармалган. 2023-жылы июнда алты жылга кесилген. Ага "интернеттеги калп", "мамлекетке каршы үгүт" жана "адамдарды зомбулукка үндөө" деген айыптар тагылган. Быйыл апрель айында ырчы өлүм жазасына соттолгон.

2022-жылы 13-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгону 16-сентябрда кабарланган. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталган, жүздөгөн кишилер кармалып, кеминде 200дөй адам дарга асылган.

АКШ жана ири эл аралык укук коргоо уюмдары Иранды адамдар өлүм жазасына эң көп тартылган Кытайдан кийинки эле өлкө катары айыптап келишет.

«Ирандагы адам укуктары боюнча борбор» (CHRI) уюмунун маалыматына караганда, 2023-жылы Иранда 700 адам дарга асылган. (RK)

XS
SM
MD
LG