Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:58

Британиядагы тополоңдо түркмөн жараны жабыркаганы маалым болду


Улуу Британиядагы демонстрациялардын бири. 2024-жылдын 3-августу.
Улуу Британиядагы демонстрациялардын бири. 2024-жылдын 3-августу.

Улуу Британияда иммигранттарга каршы тополоңдо түркмөнстандык Мая Амангелдиевага беткапчан үч киши кол салганын "Азаттыктын" түркмөн кызматы жергиликтүү "The Mirror" басылмасына шилтеме берип жазды.

Окуя Британиянын түштүк-чыгышындагы Херне-Бей шаарында болгон. Өткөн аптада мигранттарга каршы толкундоолор болуп жаткан күндөрү түркмөн аял иштеткен дүкөнгө беткапчан кишилер кирип, аны жерге жыгып, "Сен мигрант, мусулман өлкөңө кайт!" деп кыйкырышканы айтылат. Кийин кол салгандар Амангелдиеваны тепкилеп кетишкен.

15 жыл мурун Түркмөнстандан бул өлкөгө көчүп барган 36 жаштагы ишкер чакан кафе жана дүкөн иштетет.

Ал жергиликтүү гезитке берген маегинде чет өлкөлүк мигранттарга каршы чыңалуу соңку эки жылдан бери уланып келе жатканын айткан.

29-июлда Саутпорт шаарындагы бий клубуна кол салуу болуп, үч секелек кыз өлтүрүлгөн. Ошондон кийин Англиянын борборунда жана түндүгүндө бир нече шаарда мигранттарга каршы акциялар башталган. Кол салууга шек саналып Бэнкс шаарынын 17 жаштагы тургуну кармалган.

Августтун башында Ливерпул, Бристол, Манчестер, Түндүк Ирландиядагы Белфастта ашынган оңчулдар башкалка сураган качкындар жашаган жатакананы өрттөшкөн, бир нече имаратты, машинелерди талкалашкан.

Бир нече жерде кафе, дүкөндөр талап-тонолгон. Ливерпулда китепкана өрттөлүп, ондогон полиция жараат алган.

Британ премьер-министри Кир Стармер окуяларды нааразылык акциясы эмес, "уюшулган ырайымсыз бандиттик" деп сыпаттап, "андайга биздин көчөлөрдө да, Интернетте да орун жок" деп билдирген.

Британ полициясынын маалыматы боюнча, 14-августка карата башаламандыкка байланыштуу 1024 адам камакка алынып, 575ине айып тагылган. (ElB)

XS
SM
MD
LG