Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:28

Орусияда АКШ жараны 15 күнгө камакка алынды


Жозеф Тейтер.
Жозеф Тейтер.

Орусияда АКШ жараны “майда ээнбаштык” деген айып менен 15 суткага камакка алынды. Москванын Мещанский райондук сотунун 14-августтагы чечими менен ага административдик жазанын ушундай чарасы чегерилди.

Жозеф Тейтер аттуу америкалык жаран «полиция кызматкерине күч колдонгон» деген шек менен 12-августта кармалганын Орусиянын Тергөө комитети 14-августта маалымдаган.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Ведант Пател Вашингтондо журналисттердин бул окуя тууралуу суроосуна жооп берип жатып «колдон келишинче көбүрөөк маалымат алууга аракет кылып, консулдук маселелерин тактап жатабыз» деп айткан.

Жакында АКШ Орусиянын абактарында отурган айрым жарандарын, анын арасында «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун татар-башкыр кызматынын кабарчысы Алсу Курмашеваны бошотуп алган. Быйыл 1-августта жети өлкөдө (АКШ, Германия, Польша, Норвегия, Словения, Орусия жана Беларус) абакта отурган жалпысынан 26 киши айырбашталган. Алардын 10у, анын ичинде жашы жете элек экөө Орусияга, 13ү Германияга, үчөө АКШга өткөрүлүп берилген.

Азыркы тапта да Орусияда бир нече америкалык кармалууда. Алардын бири АКШ жана Орусия жараны Ксения Карелина. Эгер ал «мамлекетке чыккынчылык» деген айыпты моюнуна ала турган болсо 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Быйыл январда Орусияга туугандары менен жолугушууга барган Карелинаны кармап кетишкенде ага алгач полиция кызматкери менен уруша кеткени үчүн «ээнбаштык» деген айып тагылган. Кийин телефонун текшерип, Украинага колдоо көрсөткөн америкалык уюмга бир нече күн мурда 51 доллар өлчөмүндө жардам жөнөткөнүн аныкташкан. Анын соту 15-августта болот. (RK)

XS
SM
MD
LG