Аба ырайы: Бишкекте күн ысык болот

Бишкек. Эркиндик бульвары жана темир жол бекети

16-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 20…25, күндүз 30…35;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 20…25, күндүз 32…37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 22…24°, күндүз 32…34° ысыйт.

Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы 15…17°, күндүз 28…30° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 14-августта күндүз 23,0°, 15-августта эртең менен 22,2° түздү.

Дагы караңыз

Автоунааны кайра каттоодо камсыздандырууну милдеттендирген токтом чыктыБүбүйра Кыдыралиева. Тоталитаризмдин кылмыштуу пардасын сыйырган каарман"Согуштан улам экспорт, импорт, акча которуу көбөйгөн". АКШ Кыргызстандын инвестициялык климатын талдадыТИМ АКШда сабалган кыргыз жараны тууралуу маалымат бердиФейсбукта бийликти сындаган Мирланбек Маратбек уулунун үйү тинтүүгө алынды