Кошмо Штаттардын баяндамасы
Баяндамада Кыргызстан чет элдик инвестицияга жагымдуу шарттарды түзүүгө аракет кылып жатканы менен, укуктук актыларды колдонууда кемчиликтер кетип жатканы белгиленген. Документте эмнелер камтылган?
“Президент Садыр Жапаровдун үч жылдык башкаруусунда өлкө экономикасы катуу өнүгүп жатат”. Америка Кошмо Штаттарынын инвестициялык климат боюнча баяндамасы ушундай сөздөр менен башталган. Андан ары экономикалык өсүшкө түрткү болгон негизги себеп катары Орусиянын Украинага каршы согушунан улам экспорт-импорттун жана акча которуулардын көбөйүшү көрсөтүлгөн.
Кыргызстан тобокелдиктерге кайыл инвесторлорго багыт алган чек аралык рынок бойдон калып жатканы жана анын соодага негизденген экономикалык өсүшү дагы аткезчилик менен санкциядан буйтоо боюнча чочулоолорду жаратары белгиленген.
“Атамекендик жана чет элдик инвестицияны өзүнө тартып жаткан алдыңкы тармактар текстил өнөр жайы, айыл чарбасы, франчайзинг жана маалымат технологиялары болууда. Кыргызстандын өкмөтү туруктуу өнүгүүнү, анын ичинен гидроэнергетиканы, энергосарамжалдуулукту жана жашыл курулуштарды колдоп келет. Тарыхый жактан тоо-кен өндүрүшү Кыргызстанга көп түз инвестиция алып келген. Бирок 2021-жылдагы “Кумтөр” алтын кенин улутташтыруу бул тармактагы абалды бир кыйла салкындатып койду. Кыргызстандын мыйзамдары пайдалуу кен казууга лицензия алган компанияда 30% кем эмес мамлекеттик үлүш болушун талап кылат. Кийинки көйгөй сот системасынын алсыздыгын, чет элдик инвесторлорго дем берген шарттардын жоктугуна жана Орусияга тыгыз байланышкан банк тармагына тиешелүү. 2023-жылы банктар АКШ долларын жеткирүү боюнча ишенимдүү чынжырчаны түзө алышты. Бирок санкциялык эрежелерди сактоодогу кооптонуулар менен доллардык которууларды аткарган Американын корреспондент-банктары мурдагыдай эле чет элдик түз инвестицияларга тоскоол болууда”, - деп жазылган АКШнын Мамлекеттик департаментинин баяндамасында.
Инвестиция, салык саясаты, укук жана менчикти коргоо
Документте чет элдик инвестицияга ачыктык, салык саясаты, укуктук талаа, жеке менчикти коргоо, финансы, өнөр жай тармактары, жоопкерчиликтүү бизнес, коррупция, саясий кырдаал, коопсуздук жана эмгек ресурстары өңдүү тармактар талданган.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 2023-жылдагы АКШга, Улуу Британияга, Бириккен Араб Эмирликтерине, Жапонияга, Сауд Арабияга, Францияга жана Германияга жасаган иш сапарлары, энергетикалык, тоо-кен, инфратүзүмдүк, маалымат технологиялары, жаратман жана жашыл экономикага чет элдик түз инвестиция тартууга умтулуп келатышканы белгиленген.
Кыргызстандын өкмөтү дагы экономиканын арышы соңку кездери кеңейгенин жар салып келет. Ички дүң өндүрүм (ИДӨ) 2023-жылы 6,2% болгон. 2024-жылдын биринчи жарымында өсүш 8,1% түздү.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жакында Бишкектеги иш-чаралардын бирине катышып жатып, экономикалык өсүштүн сырларын мындайча чечмелеген:
“Баарынан мурдабиздин ийгилигибиздин негизи фискалдык тартипти күчөтүү, туура акча-насыя саясатын жана экономикалык реформаларды жүргүзүү аркылуу макроэкономикалык туруктуулукту бекемдөөдө турат. Биз коррупция жана мыйзамсыз финансылык агымдар менен күрөштү улантабыз. Мында бизге мамлекеттик финансыны жана активдерин башкарууну жакшыртуу үчүн жаңы технологияларды жайылтуу жардамга келет. Экономикалык өсүшкө дем берүү үчүн кичи жана орто ишкерликти колдоо механизми иштелип чыгып, ишке киргизилүүдө. Мындан ары да фискалдык тартипти жакшыртуу, бюджеттин ачык-айкындыгын жана натыйжалуулугун камсыздоо зарыл”.
Акылбек Жапаров экономикадагы өсүш жыл сайын 10%дан кем болбошу керектигин, ИДӨнү 2030-жылга карай 30 млрд долларга жеткирүү зарылдыгын билдирген.
Дымактуу долбоорлор
Негизги инвестициялык долбоорлор катары “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу, Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун салуу, Ысык-Көлдө “Асман” шаарын куруу жана Кызыл-Омпол титаномагнетит кенин иштетүүгө ар тараптан инвестициялык каражаттарды издеп келет. “Асман” шаарынын курулушу өзгөчө шаан-шөкөттүн коштоосунда, чет элдик ири инвесторлор деп аталган адамдардын катышуусунда башталганы менен, долбоор ошол бойдон алдыга жылбай турат.
Өкмөт “Камбар-Ата-1” долбоорун бир нече аянтчаларга алып барып сунуштаганы менен, азырынча инвестициянын акыркы суммасы жана каржылоочу компаниялар так жарыялана элек. Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жол магистралынын курулушу ушул күздө башталары кабарланган. Мындан тышкары, өкмөт дагы бир катар орто жана майда инвестициялык долбоорлорду жарыялап, бирок белгисиз себептерден улам иш жылбай турат.
Буга кошумча өлкө бийлиги коррупция жана криминалга каршы күрөштү күчөткөнүн жарыя кылып, инвесторлорго уюшкан кылмыштуу топтордун басымы дээрлик жокко чыкканын жарыялап келет. Бирок дал ушул коррупцияга каршы күрөштүн алкагында айрым жеке менчикке кийлигишүү аракети болгон жокпу деп чочулагандар да бар.
Мамлекеттик департаменттин баяндамасында Кыргызстандын чет элдик инвестиция боюнча укуктук талаасы эл аралык стандарттарга бир кыйла шайкеш келери жазылган. Бирок ал мыйзамдар менен жеке менчик укуктары иш жүзүндө жакшы сакталбай, бизнестеги талаштуу жагдайларга каршы кылмыш иликтөөлөрү колдонулуп жатканы белгиленген.
"Стратегиялык саясат керек"
Мыйзамдардын инвесторлорго бирдей колдонулушун кепилдегенине карабай, өкмөт ири компанияларга жергиликтүү жумушчулардын квотасы же директорлор кеңешиндеги минималдуу орундар өңдүү өзгөчө талаптарды жасай берери айтылган.
Инвестиция боюнча эксперт Шумкарбек Адилбек уулу эгемен тарыхында Кыргызстанга саналуу гана ири инвесторлор келбесе, жалаң утурумдук кызыкчылыкты көздөгөн майда-барат компаниялар иштеп келатканын айтат. Мындай көрүнүштү эксперт мамлекеттик башкаруудагы коррупциялык жылчыктардын көптүгү, стратегиялык саясаттын жоктугу менен түшүндүрөт.
“Бүгүнкү күндө, тилекке каршы, биздин экономикабыз орусча айтканда, "кол менен башкаруу" режимине өтүп калды. Сөзсүз түрдө президент, премьер же дагы чоң чиновник кийлигишип, ошондо гана маселе чечиле турган болуп жатат. Бул, балким, “аа, мына, өзү көзөмөлгө алып жатат” деп жакшы көрүнүшү мүмкүн. Бирок дүйнөлүк тажрыйбада бул туура эмес көрүнүш. Себеби премьер-министр же президент жалгыз өзү баарына жетишпейт да. Бүгүнкү күндө ошондой жагдай байкалууда, биз көрүп жатабыз. Бул жагдайдын жакшы жери – ыкчам көзөмөл болгону. Баарына жетишсе жакшы. Жаман жери – бир киши чечкен сөзсүз жагдай коррупцияга алып келип такашы мүмкүн. Себеби ошол эле алы жеткен, бийлиги жеткен чиновниктер жалаң гана мамлекет үчүн, таза иштейт дегенден дагы алыс болуш керек. Биз тажрыйбадан көрдүк, 30 жылда, тилекке каршы, жеке кызыкчылык үчүн иштегендер да болуп келген”.
2023-жылдагы расмий статистиканы карасак, өлкөгө кирген түз инвестициянын көлөмү 845 млн доллар болуп, мурунку жылга караганда 30% азайып кеткен. Анын ичинде пайдалуу кендерди казууга 56%, кайра иштетүү өндүрүшүнө 31% азайган.