"Ата Бейиттин" сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиева дүйнөдөн кайтты

Бүбүйра Кыдыралиева менен Болот Абдрахманов. Бишкек шаары. 29-сентябрь, 2020-жыл.

Сталиндик репрессияда атылгандар көмүлгөн жерди көрсөтүп берген Бүбүйра Кыдыралиева 14-августта 96 жашында дүйнөдөн кайтты.

Маалыматты "Ата Бейит" мемориалдык музей комплексинин жетекчиси, Кыргызстандагы саясий репрессия курмандыктары жөнүндөгү 10 томдук "Эскерүү китебинин" автору Болот Абдрахманов "Азаттыкка" тастыктады.

Бүбүйра Кыдыралиева 1928-жылы туулган.

Бишкектин чет жагында атып өлтүрүлгөн репрессия курмандыктарынын сөөгү жаткан жерди Кыдыралиева 1990-жылы ачыкка чыгарган. Ага бул жашыруун маалыматты өз кезегинде НКВДнын дачасында кароолчу болуп иштеген атасы Абыкан Кыдыралиев 1973-жылы айтып берген. Кыдыралиева укканын Совет доорунда ачык жарыялоого батынган эмес.

"Эл душманы" жарлыгы тагылып, 1938-жылы 5-7-8-ноябрь күндөрү атылгандардын арасында Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов баштаган интеллигенциянын 137 өкүлү болгон. Маркумдардын сөөгү 1991-жылы 30-августта жаңы негизделген "Ата Бейит" көрүстөнүнө арууланып кайра коюлган. Эртеси күнү Жогорку Кеңеш Кыргызстандын эгемендигин жарыялаган.

Дагы караңыз Бүбүйра апага Улуттук университеттин Ардактуу профессору наамы тапшырылды


И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Б.Кыдыралиевага "ардактуу профессор" наамын ыйгарган. (ZKo/MZh)

Дагы караңыз

"Согушка баргым келбейт". Кыргыз паспортуна кызыккандар Базарбеков тергөө органдарын күнөөсүздүк презумпциясын сактоого чакырдыТажикстандын Коргоо министрлигинде миллиондогон долларлар кымырылганы аныкталды ТИМ Курск облусундагы кыргыз жарандары тууралуу маалымат берди