Кыргызстанда Билим күнү 2-сентябрда белгиленет

Билим күнү. 1-сентябрь, 2023-жыл.

Кыргызстанда быйыл Билим күнү 2-сентябрда белгилеген. Өлкөдөгү мектептердин баарында алгачкы коңгуроо 2-сентябрда кагылат.

1-сентябрь дем алыш күнгө туш келгенине байланыштуу ушундай чечим кабыл алынганын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 14-августта маалымат жыйынында билдирди.

Быйылкы жылы 1-класска электрондук каттоо аркылуу 113 миңдей бала катталган. Ушул тапта бош орундарга каттоо жүрүүдө, жараян 30-августта аягына чыгат.

Кыргызстандын Эмгек кодексине ылайык, 31-август Эгемендик майрамы ишемби күнгө туш келгендиктен, 2-сентябрь дем алыш күнү болушу керек эле. Бирок быйыл 5-январда дем алуу болгону үчүн 2-сентябрь иш күн болуп эсептелет. (ZKo)

Дагы караңыз

ТИМ кыргызстандыктарды Орусиянын үч облусуна барбай турууга чакырдыОрусиянын өтүнүчү менен кармалган жаран Кыргызстанга эстрадицияландыБазарбеков тергөө органдарын күнөөсүздүк презумпциясын сактоого чакырдыТажикстандын Коргоо министрлигинде миллиондогон долларлар кымырылганы аныкталды Пакистанда Олимпиаданын алтын медалын алган спортчуга 359 миң доллар берилди