Кыргызстандын Улуттук банкы 13-августта валюта базарына 59 млн 800 миң доллар сатты. Бул тууралуу маалымат өлкөнүн башкы банкынын сайтына жарыяланды.
Улуттук банк доллардын курсунун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн жыл башынан бери 17 жолу интервенция жасады. Анын беш жолкусунда рынокко доллар сатса, 12синде доллар сатып алган.
Ушул тапта доллардын расмий курсу 85 сом 67 тыйын болууда. Коммерциялык банктар менен менчик акча алмаштыруу жайларында бир доллар 85 сом 70 тыйындан сатып алынып, 86 сом 20 тыйындан сатылууда.
Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. (BTo)
Дагы караңыз
“Аалам Строй” компаниясынын лицензиясы убактылуу токтотулдуБишкекте соода борборлордун биринде кызды жылан чагып алды13-август: Орусия согушка салган мигранттар, спортчулар алган белектер Румыния Кара деңиз жээгинде дагы бир мина жок кылынганын кабарладыГазада 40тан ашуун киши каза болду