Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

Газада 40тан ашуун киши каза болду


Газа.
Газа.

Газа секторунун саламаттык сактоо мекемеси соңку суткада Израилдин соккуларынан кеминде 40 кишинин өмүрү кыйылганын, дагы 71 киши жараат алганын 6-августта билдирди.

Израил армиясы Газада операциясын улантып, катуу кармаш жүрүп жатканын, өлтүрүлгөн 45 киши ХАМАС тобунун (АКШда жана Израилде террордук деп жарыяланган) согушкерлери экенин, алардын арасында аткезчилик операцияларга жооптуу адамдар бар болгонун, Рафах шаарынын чет жакасында эки бронетранспортер жок кылынганын маалымдады.

Израилдин чабуулдарынан Батыш жээкте да кеминде сегиз кишинин өмүрү кыйылганын бүгүн 6-августта AFP маалымат агенттиги палестин расмийлерине таянып билдирди.

«Израилдик атайын бөлүктөр Акаба кыштагына чабуул коюшту, аскердик машиналар кирип келди. Айрым үйлөрдү ээлеп алышты. Көптөгөн адамдар жараат алды, үч киши каза болду», - деди кыштактын башчысы Абдел Раззак Абу Арра.

Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги тилкеде израилдик аскерлердин соккусунан Тубас аймагы да бутага алынганы, ал жерде төрт кишинин өмүрү кыйылганы кабарланды.

Былтыр 7-октябрда Израил ХАМАСтын кол салуусуна кабылып, бир күндө 1197 кишинин өмүрү кыйылган, 251 киши барымтага алынган. Барымтадагылардын 111и дагы эле ХАМАСтын колунда экенин, 39у каза болгонун израилдик аскерлер билдирүүдө. Ошондон кийин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ХАМАСты жок кылууга убада берген жана Газа секторунда чабуулдар башталган. Андан бери Изарил армиясынын Газадагы соккуларынан каза тапкандар 39 миңден ашканын сектордун саламаттык сактоо мекемеси айтууда.

АКШ, Египет жана Катар өкүлдөрү Газадагы согушту токтотуу үчүн ортомчу катары тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп келе жатышат, бирок алардан азырынча оң жыйынтык чыга элек. (RK)

XS
SM
MD
LG