Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:23

Румыния Кара деңиз жээгинде дагы бир мина жок кылынганын кабарлады


Кара деңиз. Иллюстрациялык сүрөт.
Кара деңиз. Иллюстрациялык сүрөт.

Румыниянын Аскердик-деңиз күчтөрү Кара деңиздин жээгине жакындап калкып барган минаны көзөмөлдөп жардырып, жок кылганын 13-августта кабарлады.

Өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, түштүк-чыгыштагы Гриндул Читук районунун жергиликтүү бийлиги жээк тарапта белгисиз объект аныкталганын билдирген. Бул жер, Reuters агенттиги жазгандай, Дунай суусунун оозунун Украина менен чектешкен тилкесиндеги бөлүгү болуп эсептелет.

«Окуя болгон жерден тартылган сүрөттөрдүн негизинде объект өзөктүк кубаты бар, жөө аскерлерге каршы ЯРМ фугастык минасы экени аныкталды», - деп билдирди мекеме жана мина коопсуз шартта жок кылынганын маалымдады.

Жээгинде Болгария, Румыния, Грузия, Түркия, Украина жана Орусия жайгашкан Кара деңиз аймакта дан жана мунай азыктарын экспорттоодо негизги ролду ойнойт.

Орусия Украинага кол салып, согуш баштагандан бери жээкке жакын аймагынан 100дөй мина жок кылганын Румыниянын Аскердик-деңиз күчтөрү маалымдады. (RK)

XS
SM
MD
LG