Бишкекте соода борборлордун бириндеги зоопарктан жылан 15 жаштагы кыздын колун чагып алды. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирип, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын кабарлады.
Милициянын маалыматына ылайык, окуя 12-августта кечке жуук болгон. Териштирүүдө 15 жаштагы кыз зоопарктын кызматкеринин ордуна эки саатка иштеп жаткан маалда жылан анын колун чагып алганы такталган.
Медайым бейтапка жеринде биринчи жардам көрсөтүп, андан кийин ооруканага жеткрилиген. Ал эми кыздын атасы арыз жазуудан баш тартып, дарыгерлер аны текшергенин жана абалы жакшы экенин айткан. Милиция тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланып жатканын, жыйынтыгында юридикалык баа берилерин кошумчалады.
Социалдык тармактарда кызды жылан чагып алганы түшүп калган видео жарыяланып, айрым жалпыга маалымдоо каражаттары окуя “Ала-Арча” соода борборунда болгонун жазып чыккан. “Ала-Арчанын” администрациясы комментарий бере элек. (BTo)
Дагы караңыз
Румыния Кара деңиз жээгинде дагы бир мина жок кылынганын кабарлады13-август: Орусия согушка салган мигранттар, спортчулар алган белектер Газада 40тан ашуун киши каза болдуИИМ Болгарияда маӊзат табылган жүк Кыргызстандан барды деген маалыматты четке кактыОрусия согушка жөнөткөн мигранттардын көбү өзбек, тажик жарандары экени кабарландыОлимпиадага катышкан спортчуларга автоунаа, акчалай сыйлык берилди