Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:55

Олимпиадага катышкан спортчуларга автоунаа, акчалай сыйлык берилди


Париждеги Олимп оюндарына катышкан спортчуларга берилген автоунаалар. 13-август, 2024-жыл.
Париждеги Олимп оюндарына катышкан спортчуларга берилген автоунаалар. 13-август, 2024-жыл.

13-августта Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Парижде өткөн Олимп оюндарында катышкан спортчуларды сыйлоо аземи болду. Ага президент Садыр Жапаров катышты.

Олимпиадада күмүш медал алган спортчулар Мээрим Жуманазарова менен Мунарбек Сейитбек уулуна 10 млн сомдон жана бирден автоунаа берилди.

Коло байге алган Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков жана Айсулуу Тыныбекова 7 млн сомдон жана бирден автоунаа алышты. Бешинчи орунду багындырган Айпери Медет кызы, Айаал Лазарев, Бекзат Алмаз уулу, Амантур Исмаиловго 1 млн сомдон жана бирден машине берилди.

Олимп оюндарынын катышуучулары Айбек уулу Кубанычбек, Елизавета Печорских, Сардана Трофимова, Эрлан Шеров, Эрназар Акматалиев, Денис Петрашов 500 миӊ сомдон жана бирден автоунаа алды.

Андан тышкары машыктыруучулар менен дарыгелерге да акчалай сыйлыктар берилди.

Париж Олимп оюндарына катышкан спортчуларга берилген автоунаалар. 13-август, 2024-жыл.
Париж Олимп оюндарына катышкан спортчуларга берилген автоунаалар. 13-август, 2024-жыл.

26-июлдан 11-августка чейин өткөн Париж ХХХIII Жайкы Олимп оюндарына 206 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу катышты. Анда жалпысынан 329 комплект медал ойнотулду.

Олимп оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу барды. Алардын ичинен кыз-келиндер күрөшүнөн 68 кг чейинки салмак ченинде балбан кыз Мээрим Жуманазарова күмүш, 57 кг чейинки салмакта мушкер Мунарбек Сейитбек уулу да күмүш медал алды. Грек-рим күрөшүнөн 60 кг чейинки салмак ченинде Жоламан Шаршенбеков, 77 кг чейинки салмакта Акжол Махмудов, 97 кг чейинки салмакта Үзүр Жузупбеков коло алды. Кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг чейинки салмак ченинде Айсулуу Тыныбекова да коло медал утту.

Бул Олимп оюндарына андан тышкары дзюдочулар Эрлан Шеров, Кубанычбек Айбек уулу, суучулдар Денис Петрашов менен Елизавета Печерских, грек-рим күрөшүнөн 67 кг салмакта Амантур Исмаилов, эркин күрөштөн 65 кг чейинки салмак ченинде Эрназар Акматалиев, 57 кг салмакта Бекзат Алмаз уулу, кыз-келиндер күрөшүнөн 76 кг салмакта Айпери Медет кызы, эркин күрөштөн 125 кг салмакта Айаал Лазарев жана жөө күлүк Сардана Трофимова катышты.

Спортчуларга, машыктыруучуларга жана медицина кызматкерлерине берилген акчалай сыйлыктардын тизмеси бул жакта.

Кыргызстан эки күмүш, төрт коло медалы менен 68-орунду ээледи. Париж Олимпиадасы Кыргызстандын эгемен тарыхында эң көп медал алган дүйнөлүк мелдеш болду. Кыргыз спортчулары Сиднейде бир коло байге, Бээжинде бир күмүш, эки коло жана Токио оюндарында эки күмүш, бир коло медал уткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG