Мектептерге Брайл арибиндеги окуу китептер алынды

Брайль шрифти менен басылган китеп. Иллюстрациялык сүрөт.

Көзү азиз жана көрүүсү начар балдар үчүн Брайл арибиндеги окуу китептер сатып алынып, Бишкек жана Ош шаарларындагы атайын мектеп-интернаттарга жеткирилди.

Билим берүү жана илим министрлиги маалымдагандай, окуу китептер республикалык бюджеттин эсебинен алынды.

Окуу китептердин жалпы нускасы 270 комплект же 1650 томду түзөт. Анын ичинде 3-4-5-6-класстар үчүн англис тил китеби, 7-8-класстар үчүн "Адам жана коом", 7-класс үчүн физика жана 8-класс үчүн химия китептери бар.

Кыргызстанда көрүүсү начар балдар үчүн Брайл шрифтиндеги окуу китептердин жетишсиздиги айтылып келет. Мунун айынан алардын бүтүрүүчү класста орто билим деңгээлин аныктоочу Жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) аз упай алып калганына нааразылыктар болгон.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 37 миңден ашуун баланын майыптыгы бар. Анын ичинен канчасы көзү азиз же көрүүсү начар экени тууралуу так маалымат жок. (ZKo)

Дагы караңыз

УКМК "Береке" базарын тартып алууга шектүү кармалганын билдирдиАКШ Иранды Орусияга баллистикалык ракета жөнөтпөөгө чакырдыЛукашенко президентке коркунуч жараткандарды камоону сунуштадыАдыл Акжол уулунун адвокаты ага козголгон иш тууралуу маалымат берди Зеленский украин аскерлери Орусия аймагында экенин ырастадыКыргызстан жарым жылда алтын экспорттоону 16% көбөйттү