Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:28

АКШ Иранды Орусияга баллистикалык ракета жөнөтпөөгө чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ эгер Иран Орусияга жүздөгөн баллистикалык ракеталарды жөнөтүүнү пландап жатканы тууралуу кабарлар чын экени аныкталса, мындай аракетинин кесепети “ыкчам жана каттал” болорун эскертти.

"Эгер Иран баллистикалык ракета жөнөтө турган болсо, бул Орусиянын Украинага каршы баскынчылык согушун колдоосу кескин күчөгөндүк катары бааланат, биздин буга жообубуз ыкчам жана катаал болот", - деди 12-августта журналисттерге АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз кызматынын өкүлү Ведант Пател.

Быйыл жыл башында Reuters маалымат агенттиги Иран Орусияга "көп сандагы" баллистикалык курал-жарак жөнөткөнүн кеминде алты булакка таянып жазганда да Кошмо Штаттар ушундай эле билдирүү жасаган.

АКШ жана Европа Биримдиги Тегеран Жакынкы Чыгыштагы өнөктөштөрүнө жана ишенимдүү өлкөлөрүнө, Украинада колдонуу үчүн Орусияга жөнөтүшү мүмкүн деген кооптонуудан улам Ирандын баллистикалык ракета программасына каршы бир катар санкция жарыялашкан.

Орусия Тегерандан алган Shahed дрондорун, башкарылуучу авиабомбаларды жана артиллериялык ок-дарыны Украинага каршы колдонуп, жарандарын өлтүрүп, инфраструктурасын талкалап жатканын АКШнын да, Украинанын да расмийлери айтып келишет. (RK)

XS
SM
MD
LG