Лукашенко президентке коркунуч жараткандарды камоону сунуштады

Александр Лукашенко.

Беларуста өлкө президентине же мурдагы президентке зомбулук көрсөткөндөрдү же коркутуп-үркүткөндөрдү жазалоо сунушталууда. Өлкөнүн авторитардык башчысы Александр Лукашенконун Беларустун Кылмыш-жаза кодексине тийиштүү өзгөртүү киргизүү тууралуу сунушу талкууга коюлду.

Эгер мыйзам долбоору колдоо таап, кабыл алынса соттолгон жаран 3-5 жылга эркиндиги чектелет (камакка алынбастан) же 3-8 жылга эркиндигинен ажыратылып, камакка алынат.

Азыркы мыйзамдарда президентти каралоого же кемсинтүүгө каршы чаралар бар.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо Александр Лукашенко добуштардын 80% көбүнө ээ болгонун жарыялаган, бирок оппозиция жана көз каранды эмес байкоочулар добуш берүүдө жапырт бурмалоо болгонун айтып чыгышкан. Оппозициялык талапкер Светлана Тихановская өзүн жеңүүчү деп жарыялаган. Өлкөдө нааразылык акциялары башталганда башаламандык тутанып, анын баары күч менен басылган, миңдеген киши кармалган. Тихановская кысымга кабылып, мекенинен чыгып кеткен. Батыш өлкөлөрү Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери деп тааныбайт.

Президенттик шайлоонун талаштуу жыйынтыктарынан кийин башталган толкундоолордон соң бул өлкөдө журналисттерди, активисттерди кармоо күчөгөн, алардын көбү абакта отурушат. (RK)

Дагы караңыз

Олимпиадага катышкан спортчуларга автоунаа, акчалай сыйлык берилди "Израил түрмөсүндө радикалдашкан". ХАМАСтын жаңы саясий лидери ким? Кыргызстанга Сербиядан багытталган товар кайда кетет?Аба ырайы: күндүз айрым аймактарда өткүн өтөт