Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:55

Аба ырайы: күндүз айрым аймактарда өткүн өтөт


14-августта түнкүсүн дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күңдүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 30…35;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 28…33.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23°, күндүз 35…37° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы 14…16°, күндүз 26…28° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 12-августта күндүз 23,9°, 13-августта эртең менен 21,6° түздү.

XS
SM
MD
LG