Экс-депутат Айдаров кылмыштуу топту каржылаган деген айып менен камалды

Салайдин Айдаров.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты Салайдин Айдаровду кармаганы белгилүү болду. Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы “Азаттыкка” Бишкектин Октябрь райондук соту 8-августта анын бөгөт чарасын карап, 4-сентябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алганын билдирди. Экс-депутатты камакка алуу өтүнүчүн сотко УКМКнын Чүй облусу боюнча тергөө башкармалыгынын башчысы берген.

Салайдин Айдаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен айып коюлган. Бул берене боюнча күнөөлүү деп табылгандар мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

УКМК ушул эле берене менен Ошто ишкер катары таанылган мурдагы милиция кызматкери Жалил Атамбаевди да кармап, ал да Бишкектин Октябрь райондук сотунун 8-августтагы чечими менен 4-сентябрга чейин камакка алынып, Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилген.

Алар кайсы кылмыштуу топторду каржылаганы жана Салайдин Айдаров менен Жалил Атамбаевдин кармалышынын байланышы бар-жогу тууралуу так маалымат жок. Алардын адвокаттары менен жакындары коюлган кинелер тууралуу комментарий бере элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 6-августта кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган деген шек менен өзбекстандык кримтөбөл Салим Абдувалиевге издөө жарыялаганын кабарлаган.

2018-жылы Салим Абдувалиев менен кыргызстандык экс-депутат Нургазы Айдаров жана мурдагы милиция кызматкери Жалил Атамбаев түшкөн делген видео тараган. Ал видеодон кучакташкан үчөөнүн “Абдувалиев - тирегибиз, ал президент Сооронбай Жээнбековду колдойт” деген сөздөрүн угууга болот. Буга ошол кездеги президенттик аппарат реакция кылып, Сооронбай Жээнбековдун Салим Абдувалиев менен эч кандай байланышы жок экенин билдирген.

Видеого удаалаш эле “Салимбай байбачанын” Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаттары Дамирбек Асылбек уулу, Салайдин Айдаров жана “Аю” компаниясынын жетекчиси Шаршенбек Абдыкеримов менен чогуу түшкөн сүрөтү жарыяланган. Депутаттар муну спортко байланыштуу иш-чарада тартылган деп түшүндүргөн.

55 жаштагы Салайдин Айдаров - Жогорку Кеӊештин VI чакырылыштагы депутаты. Анын агасы Нургазы Айдаров да ушул эле чакырылышта депутат болгон.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2023-жылы 8-сентябрда “АЮ холдингдин” негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовду сыртынан камакка алган.

Салим Абдувалиев ушул жылы 19-мартта Өзбекстанда алты жылга кесилип, ошондон бери абакта отурат.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) 2023-жылы 4-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясында өлтүрүлгөн. (BTo)

Дагы караңыз

Чолпон-Атада селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилдиФранция, Германия жана Улуу Британия Газа боюнча билдирүү жарыялаштыИшкер Жалил Атамбаев уюшкан топту каржылаган деген айып менен камалдыОоганстандагы жардыруу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” алдыКыргызстанда Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору түзүлдүЫсык-Көлдө селдин кесепеттерин жоюуга 120 адам тартылдыАкыйкатчы майыптыгы бар кыздын укугу тууралуу маселе көтөрдүЗапорожье атомдук электр станциясында ири өрт чыкты