Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:58

Кыргызстанда Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору түзүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору түзүлдү. Тиешелүү токтомду Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 31-июлда чыгарып, ал мамлекеттик “Эркин-Тоо” гезитинин 6-августтагы санына жарыяланды.

Буга чейин маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу өлкөдө TikTok, Youtube жана башка социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүп, коомго зыяндуу делген контентке бөгөт коюу иштери менен алектене турган борбор түзүлөрүн айткан.

Министрликтин маалыматына ылайык, аталган борбор Интернетте мыйзамсыз контентти аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди алып барат, Интернет мейкиндигин жөнгө салууда ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгат, ЖМК чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоого багытталган иш-чараларды маалыматтык жана уюштуруучулук жактан камсыз кылат.

Айрым талдоочулар бул "сөз эркиндигин чектеп, цензурага алып келет" деп сын айтышкан. TikTok социалдык түйүнү Кыргызстанда быйыл апрелде бөгөттөлгөн.

Кыргызстан Freedom House, Human Rights Watch (HRW) сыяктуу бир катар эл аралык уюмдардын жаңы баяндамасында төртүнчү жылы катары менен “эркин эмес” мамлекет деп аталды. Буга өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгону негиз кылынган.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG