Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

Ооганстандагы жардыруу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” алды


Ооганстан. Окуя болгон жер.
Ооганстан. Окуя болгон жер.

Ооганстандын баш калаасында кеминде бир адамдын өмүрүн алган чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүн "Ислам мамлекети" деп жарыялаган экстремисттик топ алды. Бүгүн, 12-августта жарыяланган билдирүүсүндө аталган топ шийит азчылыгынын өкүлдөрүн бутага алганын, кол салуу үчүн жардыргыч зат колдонулганын, 13 чакты адам жабыркаганын маалымдады.

Окуя Кабул шаарында 11-августта болгон. Минивэн автомашинасына сокку урулуп, кеминде бир кишинин өмүрү кыйылган.

Жергиликтүү полиция өкүлү Халид Задран 12-августта билдиргендей, Дашт-е Барчи районунда бомбанын жарылуусунан кеминде бир жайкын тургун каза болду, 11 киши жараат алды, тергөө жүрүп жатат.

Ооганстандын өкмөтү соңку үч жылдан бери "Талибан" кыймылынын колунда. 2021-жылы 15-августта "Талибан" Кабулда бийликти кайрадан басып алган, 31-августта АКШнын аскердик күчтөрү бул өлкөдөн чыгып кеткен.

Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Ооганстандын Батыштагы банк резервдери камакта турат, талибдердин айрым лидерлерине АКШ издөө жарыялаган. Кыргызстан "Талибан" өкмөтүн расмий тааныбай турганын, бирок Кабул менен диалогго баруу зарыл экенин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG